Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мухаммедкалый Абылгазиевди УКМКга маектешүүгө чакырышат

Бүгүн чекисттер «Азаттыктын» журналисттерин суракка чакырды. Мындан сырткары, чекисттер Ширин Айтматова, Фарид Ниязов, ЖК депутаттары ж.б менен маектешет

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 39-жана 130-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) катталган журналисттик иликтөө материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, мекемелер аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-аракеттери уланууда.

Иликтөө иштерин ар тараптуу жана ачык айкын өткөрүү максатында бардык тиешелүү тергөө иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.
2-декабрда "Азаттык радиосунун" журналисттери, алардын арасында иликтөөнүн автору Али Токтакунов УКМКга чакырылды. Алардан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаттары Алтынбек Сулайманов, Дүйшөн Торокулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер, президенттин инаугурациясын өткөрүү боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылмакчы.

Сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында бажы органдарындагы коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдары тууралуу, ошондой эле бул факт боюнча башка тиешелүү маалыматтар болсо тергөө органдарына расмий көрсөтмө берүү үчүн кызматташууга чакырабыз. УКМКнын нөөмөт бөлүмүнө 0 (312) 66-04-75; 0 (312) 62-65-04 телефондоруна кайрылууңуздарды өтүнөбүз.

Тергөөнүн жүрүшү коомчулукка ар дайым маалымдалып турат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх