Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Матраимовдорду кадырлап-баркташ керек. «Райым-миллионго» арналган мактоо ыры чыкты (видео)

Ырда МБКнын башчысынын мурдагы орун басары элге сиңирген эмгектери тизмектелет

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары, элде «Райым-миллион» аты менен белгилүү Райымбек Матраимовдун жердеши Санжар Кошбай аны мактап, атайын ыр арнады. Ырдын аты «Билип жүр».
Ырда Матраимовдордун үй-бүлөсү жөнүндө курулай калп менен ушактар гана айтылып келээри айтылат.

«Бир киши бар Кара-Сууда жакпайт экен бирөөдө.
Калп казанынын кайнатып келишет ага карата.
Исмаил атанын беш баласы бийиктикке жеткени бардыгына белгилүү.
Берешендиги менен элден бата алганы, мечит менен көпүрө, медреселер салганы» - деп ырдалат ырда.

Мындан башка Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн элге сиңирген эмгеги, студенттерге, спортчуларга стипендия берип, ооругандарга жардам бергени айтылат.


Видео үстүбүздөгү жылдын июль айында жарыяланган.

Гулиза Чудубаева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх