Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ширин Айтматова УКМКдагы сурак жөнүндө: Тырмактардын астына ийне менен сайышпайт чыгаар

 ЖКнын экс-депутаты чекисттердин суроосуна жооп берүүгө даяр

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ширин Айтматова УКМКга маектешүүгө барып, «Азаттык», Kloop жана OCCRP журналисттеринин иликтөөсү боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү маалымдады.

Ширин Чингизовна чекисттер чектен чыкпай, мыйзам чегинде иш алып барышарына ишенерин билдирди.

- Чакырыштыбы, демек барам. Тырмактын астына ийне сайышпайт чыгаар эми - деп ал какшык аралык тамашалады.

Эске салсак, ноябрь айында «Азаттык», Kloop жана OCCRP тарабынан бажыдагы коррупция жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн доллар тууралуу журналисттик иликтөө жарыяланып, анда МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх