Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сагынбек Абдрахманов: КСДПнын конференциясына Иса Өмүркуловду жана фракциянын бардык мүчөлөрүн чакырдык

«Ызуу-чуу чыгарган Атамбаевдин жалданма блогерлери көбөйүүдө»

Декабрдын ортосунда КСДП альтернативдик партиясынын конференциясы өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын лидери Сагынбек Абдрахманов маалымдады.

Анын айтымында партиянын жакынкы пландарын талкуулоо үчүн КСДПдан чыккан атуу-баштуу, жогорку кызматтагы адамдардын бардыгы чакырылган.

- Биз Иса Өмүркуловду жана КСДПдан чыккан жогорку кызматтагы адамдардын бардыгын чакырдык - деди Абдрахманов. - Конференциянын жыйынтыгында катышкандардын бардыгынын, партияда ким калат - ким кетет толук тизме жарыяланат. Эл кимдин ким экенин билүүгө укуктуу.

Ал учурда «Атамбаевдин жалданма» блогерлеринин саны улам көбөйүп, алар сот Ирина Карамушкина, Асель Кодуранова жана башка депутаттардын катышуусундагы КСДПнын болуп өткөн съездди жараксыз деп тапкандан кийин ызуу-чуу чыгарышканын кошумчалады.

- Атамбаевдин тарапташтарынын жалданма фейк-блогерлери ошондо соцтармактарда каптап, ычуу-чуу кылып жиберишти. Алар бизди мародер катары көрсөткүлөрү келди. Колдорунан эч нерсе келбей калганын көрдүк. Мандат менен өйдө жактагы орундар үчүн туулшган мекенин да сатууга даяр мансапчы-саткындар КСДПдан башка партияларга кире калуу үмүтү менен чыгып кетүүгө далбастап жатышат.

Эске салсак, 222019-жылдын 18-апрелинде Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык жактарынын реестрине өзгөртүүлөрдү киргизген. Партиянын жетекчиси болуп учурда Сагынбек Абдрахманов катталган. Ал партиянын мөөрү менен акчаларын ага тапшырууну талап кылган, бирок, азырынча жооп жок.

Эльдос Казыбеков
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх