Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азамат Жаманкулов: Экинчи жылаңач аялдар менен көргөзмөлөр болбойт. Муну цензура деп эсептей берсеңер болот

Маданият министри Мира Жангарачевага чынында эле коркутуулар түшүп жатса аны коргоого алышарын билдирди. Бирок, аткаминер мурдагыдай эле көргөзмөнү чагымчыл деп эсептейт

Аялдардын көйгөйлөрүн чагылдырган Бишкектеги «Феминале» көргөзмөсүнөн кийин активисттердин нааразычылыктары маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун пикирин өзгөрткөн жок. Жаманкулов бул тууралуу пресс-конференцияда өзү билдирди.

«Биздин чечим кечээ бизге келген адамдардын пикирине байланыштуу эмес. Алар бизге эч кандай таасир кылган жок. Алар келгиче эле бардыгы чечилген болчу. Болгону алар ал маалда музейде болчу, ошол маалга туш келип калды»,- деп ишендирди Жаманкулов.

Журналисттер министрден музейдеги айрым картиналарды алып салуу чечимин ким кабыл алганын сурашты. Жаманкулов буга эмгектерди министрликтин кызматкерлеринен турган атайын комиссия анализ кылганын айтты. Бирок, комиссиянын мүчөлөрүнүн аттарын атоодон баш тартты.

Мындан сырткары, Жаманкулов эгерде уюштуруучулар жылаңач аялдын катышуусундагы чырлуу перфомансты кайра уюштурабыз дешсе, анда аларга уруксат беришмек эместигин, анткени, «биздин менталитетти» эске алуу керектигин айтты.

«Көргөзмө уланат, бизде жакшы идеялар бар. Бирок, биздин менталитетти жана кээ бир эмгектер чагымчыл мүнөздө болгонун эске алуу зарыл. Перформансты кайра өткөрүүгө жол бербейбиз. Цензура деп эсептей берсеңер болот.

Пресс-конференцияда Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынышы боюнча да сөз болбой койгон жок: аны Жаманкулов эгерде ага карата коркутуулар чынында эле түшүп жатканы далилденсе, аны коргоого алууну убадалады.

Эске салсак, 28-ноябрда Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу феминалле өткөн (эки түшүнүктүн аталышынан чыккан - кошулган - биеналле (көргөзмө) жана феминизм - аялдардын укугун коргогон кыймыл). Көргөзмөгө дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн келген 50дөн ашык 50-арт-чеберлер катышкан. Феминалленин катышуучулары келгендерге бүгүнкү күндөгү коомчулукта аялдар туш болгон көйгөйлөрдү айтып берүүнү көздөшкөн.
Көргөзмөдө көркөм полотнололор, ошондой эле Дания өкүлдөрүнүн жылаңач перфомансы сыяктуу искусствонун ар кандай арт объектилери тартууланган.
Белгилей кетсек, залга жылаңач чыккан кыз коноктордун өзгөчө көңүлүн бурган. Даниялык перформансистка секс-кызматкерлердин коопсуздугу көйгөйүн көтөргүсү келген.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх