Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министри: Мира Жангарачеваны кызматына кайтаруу маселесин карап чыгууга даярбыз

Көркөм сүрөт музейинин кызматкерлери менен Сүрөтчүлөр кеңеши президентке кат жолдошту

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Мира Жангарачеваны Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директорлугуна кайра кайтаруу маселесин карап чыгууга даяр. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мекеменин башчысы Азамат Жаманкулов билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин көркөм сүрөт музейинин кызматкерлери социалдык тармактарда президент Сооронбай Жээнбековго Жангарачеваны кызматына кайтаруу өтүнүчү менен кайрылышканын жазышкан.

КРнын Сүрөтчүлөр кеңеши дагы ушундай эле талапты айтып чыгышты.

- Биз азырынча музейдин жамааты менен Сүрөтчүлөр кеңешинин кайрылууларын ала элекпиз, андыктан күн тартибинде бул маселе жок - деди маданият министрлигинин башчысы Азамат Жаманкулов. - Бирок, эгерде түшө турган болсо, биз бул маселени карап чыгууга даярбыз.

Музейдин жамааты өз катында Мира Камилевна директор болгон бир нече айдын ичинде иш-чаралардын контентин жакшыртып, келген коноктордун санын көбөйткөндөн сырткары, архивдик көркөм коллекцияларды ирээтке келтирип, эсеп жана көзөмөл жактарын жөнгө алып, ага чейинки директор тарабынан жабылып калган санариптөө боюнча долбоорду кайра жандандырганын баса белгилешкен.

Министр Vesti.kg сайтына берген маегинде музейдин кызматкерлеринин пикирине кошуларын айтты.

- Ооба, бул чындык жана анын аткарган ишине эч кандай сын-пикир жок - деди Жаманкулов.

Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин кызматкерлеринин кайрылуусу:

«Урматтуу Сооронбай Шарипович! Биз, Г. Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин кызматкерлери мекеменин директору Жангарачева Мира Камилевнанын «Феминнале» көргөзмөсүнүн тегерегинде түзүлгөн чырдан кийин кызматтан четтетилгенине нааразы болуп, тынчсыздануудабыз. Бул көргөзмө пландуу иш-чара эле жана биз ал коомчулуктун айрым бир бөлүгүндө терс резонанс жаратат деп күткөн эмеспиз.

Жангарачева директор болуп дайындалгандан баштап искусствону өнүктүрүүдө эле эмес, өлкөнүн маданий мурасын көздүн карегиндей сактоо боюнча да бардык жамааттын алдына жогорку максаттарды коюп, жеке кадыр-баркы менен коюлган тапшырмаларды аткарууга кесипкөй кадрлар менен энтузиасттарды тартып, музейдин коомдогу ар кандай жаш курак ээлеринин арасында популярдуулугун арттырды.

Иштеген бир нече айдын ичинде эле ал ичинде иш-чаралардын контентин жакшыртып, келген коноктордун санын көбөйткөндөн сырткары, архивдик көркөм коллекцияларды ирээтке келтирип, эсеп жана көзөмөл жактарын жөнгө алып, ага чейинки директор тарабынан жабылып калган санариптөө боюнча долбоорду кайра жандандырганга жетишкен. Мындан сырткары, «Искусство жана балдардын укуктары» долбоорунун негизинде ЮНИСЕФ, ошондой эле башка эл аралык уюмдар менен келишим түзүлүп, музейдин имараты менен көргөзмө залдары оңдолуп, музейдин сактоочу жайы менен жертөлөсүндөгү кылымдардан бери топтолгон жараксыз буюмдардан тазаланып, илимий жана илимий эмес кызматкерлердин саны такталган. Имаратты жаңы заманбап талаптарга ылайык оңдоп-түзөө жана техникалык жабдууларын жаңылоо үчүн даярдыктар көрүлүп, ал эми Сиз музейге келип кеткениңизден кийин бардыгыбызда музейдин толук капиталдык ремонттон өтүп, заманбап камсыздоо системаларына ээ заманбап көрүнүшкө келет деген үмүт шамы жанган.

Жангарачева М.К. бейтарап жана ак ниети менен өз милдеттерин так аткарып, биздин көз карашыбызда жамаат менен коомго аруулук жана жарык энергиясын чачып, өз ордунда иштеп жаткан. Г. Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жамааты «Feminale» көргөзмөсүн өткөрүүдө кетирилген каталарды мойнуна алат жана Сизди абалды акыйкат карап чыгып, Мира Жангарачеваны музейдин директору кызматына кайра кайтарууну суранат.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх