Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат сакалчан кыргызстандыктарды Россиядан негизсиз депортация кылышууда деп тынчсызданды

Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлү бул маалыматты текшерүүнү убадалады

Кыргызстандан Россиянын шаарларына барган ар бир каттамдан 45 адамды таккан сакалдары үчүн депортация кылышууда. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Нурбек Тотонов билдирди.

-Биздин өлкөнүн калкынын 90 пайызы - салттуу агымдарды карманган мусулмандар - деп эске салды эл өкүлү. - Эмнеге аларга мындай мамиле кылышат? Кыргызстан менен Россиянын ортосунда бул багыт боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөбү? Бизге араб өлкөлөрүнөн сакалчан адамдар келсе, биз аларды жакшынакай тособуз го. Анткени,ю биздин өлкөлөр ортосунда бул боюнча мамилелер жөнгө салынган.

Буга Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Алмаз Асанов мындай фактылар болгон-болбогонун аныкташарын айтты.

- Кабыл алуучу тараптын мыйзамдарына байланыштуу болушу мүмкүн - деп кошумчалады ал.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх