Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК «Азаттыктын» журналисттерин скайп аркылуу суракка алуудан баш тартты

Чекисттер учурда чет мамлекетте жүргөн ММК кызматкерлери Улуттук коопсуздук комитетине өзүлөрү келиши керек дешүүдө

Мекеме аралык тергөө тобу журналисттик иликтөөнүн материалдары боюна Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде КРнын Жазык кодексинин 39 жана 130-беренелери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш иш-чараларын жүргүзүүдө.

Учурда «Азаттык Медианын» кызматкерлери Ыдырыс Исаков жана Мухаммедали (Али) Токтакуновдун катышуусунда тергөө иштери аткарылышы керек болчу.

Муну менен бирге 2019-жылдын 2-декабрында «Азаттык Медианын» катында аталган журналисттер азыр чет өлкөдө болгондугуна байланыштуу, алар суроолорго скайп аркылуу жооп берүүгө даяр экени белгиленген.

Бирок, КРнын КПКнин 194-беренесине ылайык, чет өлкөдө жүргөн адамдар тергөө иштерине скайп же башка техникалык каржаттар аркылуу катышуусу мүмкүн эмес.

Буга байланыштуу, КРнын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 34, 36 жана 189-беренелерине ылайык, «Азаттык медианын» кызматкерлери Ыдырыс Исаков жана Мухаммедали (Али) Токтакуновдун УКМКнын тергөө органына келишин камсыздап берүүнү суранабыз.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх