Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Талантбек Исаевге карата сотко чейинки өндүрүш иштерин токтотту

Чекисттер генерал-майор үстөк пайызсыз насыяны мыйзамдуу түрдө алганын аныкташкан

УКМКнын Бишкек боюнча ББнын тергөө бөлүмү тарабынан 2019-жылдын 23-октябрында ИИМнин мамлекеттик атайын адистештирилген күзөт башкы башкармалыгынын башчысы, генерал-майор Талантбек Исаевге карата КРнын Жазык кодексинин 320-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш иши боюнча алдын ала квалификацияланган сотко чейинки өндүрүш иши катталган.

ИИМниин Ички иликтөө кызматынын кызматтык текшерүүсүнүн негизинде 2011-жылдын 30-майында Исаев ИИМнин кадрларынын катарында туруп, «Компания Манас Менеджмент» ЖАКнун вице-президенттик кызматына дайындалганы жана ал жактан Директорлордун кеңешинин чечими менен үстөк пайызсыз насыя алып, аны толугу менен кайра жапканы аныкталган.

"Ички иштер органы жөнүндө" мыйзамынаа ылайык, органдын кызматкерлери пайызсыз алган насыяны ишкерликке жумшабаса, мыйзамга каршы келбейт.
Буга байланыштуу 2019-жылдын 3-декабрында Талантбек Исаевге карата сотко чейинки өндүрүш иштери токтотулду.

УКМКнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх