Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун жактоочусу: Президенттин аппараты бизди өзүнө жакындатпай жатат

Эркинен ажыратылган мурдагы депутаттын тарапташтары Бишкекте тынч каршылык акциясын өткөрүүнү максат кылышууда 

Эркинен ажыратылган саясатчы Садыр Жапаровдун жактоочуларынын каттарына Президенттин аппараты жооп бербей жатат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына анын жактоочусу шарабидин токтосунов кабарлады. 

- Биздин Жапаровго мунапыс берүү тууралу кайрылып жатканыбызга бир айдан ашты, - деди Токтосунов. - Анын жактоочуларын кайра-кайра эле бир нерселерди оңдоп келгиле деп артка кайтарышууда. Президенттин аппараты негизи каттарга эки жуманын ичинде жооп бериши керек. 

Ал арада Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев пресс-конференцияда 19-декабрда Горький атындагы скверде «элдик жыйын» төткөрүлө тургандыгын билдирди. 

«Бул жыйындын максаты - бийликтен Садыр Жапаровдун бошотулушун талап кылуу. Биздин көптөгөн кайрылууларыбыз жоопсуз калды. Бул күну биз бийликтегилерге дагы бир жолу кайрылалы деп чечтик. Тынчтык акциясын уюштурууга мэриядан уруксат алынган»,- деди ал.  

Эсиңиздерге салсак, октябрдын ортолорунда президент Сооронбай Жээнбековго Садыр Жапаровдун жактоочулары мунапыс берүү тууралу кайрылышкан. Бирок, президенттин алдындагы мунапыс берүү комиссиясы документтердин жетишсиздигине байланыштуу себептер менен ЖАМКка толуктап берүүгө жөнөтүшкөн.  

2018-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садыр Жапаровду 2013-жылдагы Караколдо болгон митингди уюштурган жана ошол кездеги Ысык-Көл облусунун башчысы Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп күнөөгө жыгышкан. Аны 11,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесишкен.

2019-жылдын апрелинде Жогорку Сот жапаровдун жактоочусунун арызын толук эмес канаатандыруу менен жаңы кодекстердин күчкө киргендигине байланыштуу жаза аткаруу мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. 

ЖАМКтын маалыматтары боюнча Садыр Жапаровдун жаза аткаруу мөөнөтү 2026-жылдын 5-сентябрында аяктайт.  Маалыматта белгиленгендей, ага «мурда амнистия же мунапыс актылары колдонулган эмес, УКТтун курамында кылмыштарга барган эмес, ошондой эле жаза аткаруу тартиптерин бузган эмес». Жогорудагыларга байланыштуу 2014-жылы кабыл алынган  мунапыс тууралу мыйзамды колдонуу менен жаза аткаруу мөөнөтүн үчтөн бир бөлүккө кыскартып (3 жыл 4 айга), жаза аткаруу мөөнөтүн 2023-жылдын 5-июнуна дайындоо керек. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх