Депутат Махабат Мавлянова: Биздин коом эми шаардыктар жана айылдыктар болуп бөлүнүшөт
Парламентарий Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып, «феминнале» көргөзмөсүн кайрадан сынга алды
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова парламентин жыйынында кыргызстандыктар аймактар боюнча, дин ишеними боюнча бөлүнушөрүн, ал эми болсо айылдыктар жана шаардыкктар болуп бөлунүп жатышкандыгын ачуулануу менен билдирди.
- Биз өз мамлекети, өз тилине ээ улуттардын катарына киребиз, - деп белгиледи парламентарий. - Өзгөчө, муундан муунга ар бир улутту ажыратып турган маданияты менен салттары баалуу. Өлкөбүздүн тарыхында эч качан элге карата багытталган мындай нерсе болгон эмес. Биздин өнүгүүбүзгө тескери таасирин тийгизген кээ бир факторлор бар - алар аймактарга, дин ишенимиине карата бөлүштүрүү, ал эми азыр болсо, шаардык жана айылдык деп бөлүнө баштадык. Албетте, биз баарыбыз жылаңач денелүү натуралардын полотносунун дүйнөлүк маданиятынын шедеврлери бар экендигин түшүнөбүз.
Эл өкүлү тилди жана маданиятты сактоо үчүн күрөшүү керектигин белгилеп кетти.
- Ошондо биз, тескери таасирдеги аракеттер менен күрөшүшүбүз керек, мисалга, жылаңачтанган дененин натурасын көргөзмөгө коюуга, - деп улантты Мавлянова. - Мен Теодор Рузвельттин жалгыз гана билим берүү менен маданият элди өнүктүрөт деген сөзүн эсиңиздерге салгым келди. Маданият министрлигинин негизги миссиясы - маданият жана салттарыбызды окутуп үйрөтүү. Бул көргөзмөнү башка жерде, башкача аталыш менен көргөзсө болот эле. Биз тилибиз жана маданиятыбыз үчүн күрөшүшүбүз керек.
Эсиңиздерге салсак, жакында эле Г.Айтиев атындагы көркөм-өнөр музейинде «феминнале» аталышында көргөзмө болуп өткөн, катышуучулар азыркы коомубузда алар өздөрү туш келген аялдардын көйгөйлөру тууралу чечишкен.
Катышуучулардын көңүлүн, өзгөчө, толук жылаңачтанган кыздын залга чыкканы кызыктырды. Даниялык перформансист кыз секс кулчулугундагы аялдарды коргоого алуу көйгөйүн көтөргүсү келген .
Кийинчерээк көркөм - өнөр музейинин директору Мира Джангарачева иштен кетүү тууралу өз каалоосу менен арыз жазган.
Медина Купсулдаева
Фото www