Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы премьер-министрлердин сегизи Жантөрө Сатыбалдиевди коргоп чыгышты 

«Өкмөттүн токтомдору менен чечимдерине кол койгон ондогон мүчөлөрүнүн арасынан бир гана адамды садага чабууну чечишкен»

Кыргызстандын өкмөтүн башкарган мурдагы сегиз премьер-министрлери өкмөттүн мурдагы башчысы Жантөрө Сатыбалдиевди коргоп чыгышты. Бул тууралу Facebook социалдык түйүнүндөгү өзүнүнүн баракчасына укук коргоочу Замир Жоошев жазып чыкты. 

Төмөндө ачык каттын текстинен келтиребиз.

(автордун орфографиясы менен пунктуациясы сакталган автора, - ред. эскертүүсү)

«Биз, Кыргызстандын мурдагы премьер-министрлери, жалпы коомчулук сыяктуу эле, биздин мурдагы кесиптешибиз күнөөлөнуп жаткан кылмыш ишин ар тараптан тыкыр каралышына кызыкдарбыз. Бизди өкүндүргөнү, мамлекеттик айыптоочунун аны 11 жыл 3 айга эркинен ажыратуу боюнча талабы болду.  

Жантөрө Сатыбалдиевге коюлган күнөөнү 2013-жылдын июлунан баштап 2014-жылдын февралына чейин эки токтом менен эки чечимге кол койгондугу менен далилдегилери келип жатышат. 

Өзгөчө белгилеп кетүүчү нерсе: тергөө дагы, сот дагы Жантөрө Сатыбалдиевди толук актаган фактыларды абсолюттук түрдө эске алышпады, көңүлдүн сыртында калтырышты, себеп дегенде, азыркы учурга чейин ал тарабынан кол коюлган токтом болобу, чечим болобу алынып коюлган эмес жана бир дагы мыйзам же укук-ченемдик актылар ал тарабынан бузулган эмес. 

Андан дагы, Жантөрө Сатыбалдиев тарабынан кол коюлган бир токтом Жогорку кеңеш тарабынан ратификацияланган.

Жанторо Сатыбалдиев мамлекеттин кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон. Анын жалгыз демилгеси менен 2013-жылдын 10-сентябрындагы ТВЕА компаниясынан Кыргызстандын пайдасына гранттык жана кайтарымсыз жардам катары $20,3 миллион доллар суммасында макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жетишилген. 

Кытай тарабы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан учурда анын жеке демилгеси менен насыянын пайыздык ставкасын төмөндөтүү жана насыянын кайтаруу мөөнөтүн узартуу жетишилген. 

Өкмөт коллегиалдуу орган болуп саналат, ал жерде өкмөттүн ар бир мүчөсү жеке жоопкерчиликти өз укуктарынын ченеминде моюндарына алышат. Кылмыш ишинин материалдарында Жантөрө Сатыбалдиев өкмөт башчысы болуп турган убагында өз укуктарынын ченемдеринен чыккандыгы тууралу жана кандайдыр бир мыйзамды же укук-ченемдик актыга кол коюп жатканда министрлер кабинетинин токтомун же чечимдерин бузгандыгы жөнүндө кыйыр түрдөгү да тастыктамалар жок.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө өкмөттүк  чечимдерге кол коюуда жана аларды даярдоодо процедураларды бир дагы бузуу болбогондугу тастыкталган. Мындай караганда, токомго жана чечимдерге кол койгон өкмөттүн ондогон мүчөлөрүнүн арасынан, жалгыз аны садага чабууга койгондуктары ачык болуп калды. 

Жекече жоопкерчиликти жууштун мындай ыкмаларында жана жоопкерчиликти өкмөт башчы болгон бир адамга түртө салууда мамлекеттин жогорку аткаруучу органында стагнацияга тушугушу мүмкүн. 

Биз Жантөрө Сатыбалдиевди толук актаган бардык жагдайларды эске алууну өтүнүп кайрылабыз. Аталган кылмыш ишинде компанейшина принцибинин пайда болушуна жол берүү туура эмес, андай болсо, компания үчүн, териштирбестен эле, күнөөсү жок бирөөлөр соттолушу мүмкүн.

Апас Джумагулов, Турсунбек Чынгышев, Амангельди Муралиев, Феликс Кулов, Джоомарт Оторбаев, Кубанычбек Жумалиев, Игорь Чудинов, Темир Сариев», - деп айтылат катта.

Фото www

 



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх