Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сүрөтчүлөр союзунун  башчысы Көркөм өнөр музейинин жаңы директору тууралу: Ага каршы эч ким чыкпайт 

Ал Мира Жангарачеванын Айгүл Мамбетказиеванын дайындалышын колдойт деп ишенет 

Айгүл Мамбетказиеванын Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр искусство музейинин директору болуп дайындалышы - эң туура чечим. Ушундай пикири менен Vesti.kg сайтына КР Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Таалайбек Усубалиев бөлүштү. 

Анын айтымында, Мамбетказиева музейде көптөгөн жылдардан бери иштеп келе жатат жана кайсы багытта музейди өнүктүрүү керектигин билет. 

- Менин оюмча, бул эң туура тандалган чечим, себеби, ал бул музейде 30 жылдан ашык убакыттан бери иштеп келе жатат, - деп белгиледи Усубалиев. - Бул адам музейди ийне-жибине чейин билген киши. Мурда сырттан эле бирөнү дайындап коюшчу, ал киши таанышканча, түшүнгүчө убакыт керектелчү. Ал киши болсо искусство чөйрөсүндөгү бардык адамдарды тааныйт. 

Сүрөтчү, Мира Жангарачева Мамбетказиеваны колдойт деп ишенет, себеби, ал анын чоң тажрыйбалуу экендигин таанып, колдогон болчу. Анын божомолунда Мамбетказиевага каршы «эч ким каршылык көрсөтпөйт».

- Ал өзү музейдин тегерегиндеги аба кысымын жеңилдете турган адам, - деп баса белгиледи Усубалиев. - Ага каршы, менимче, эч ким чыкпайт, себеби, ал өзү бирөөгө жамандык ойлобогон жана мамлекеттин гана кызыкчылыгын көздөгөн, ошону гана ойлогон киши. Менимче, Мира Камилевна анын дайындалганын колдойт. Ага көптөн бери эле жогорку кызматтарды сунуштап келе жатышкан, бирок, ал макулдугун берген эмес. Көрсө, түзүлгөн кырдаалда басымдын күчтүүлүгүнөн ал макул болсо керек. 

Мамбетказиева өз ишмердүүлүгүн Гапар Айтиев атындагы музейде 1978-жылы экскурсовод болуп ишке орношуп баштаган. 1980-жылдан 1986-жылга чейин декоративдик-колдонмо искусство бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштеген. Акыркы «Музейдин башкы сактоочусу» кызматында ал 33 жыл эмгектенген. 

Эсиңиздерге салабыз, Мира Джангарачева КӨСМнин директору катары Юристанбек Шыгаевди алмаштырган. Шыгаев картиналардын жоголушуна байланыштуу ызы-чуудан кийин  кызматынан алынган.

Ноябрдын аягында музейде дүйнөнүн 22 мамлекетинен келген 50дөн ашык  арт-мастерлер катышкан феминнале көргөзмөсү ачылган. Даниялык сүрөтчү Julie Savery өзүнүн перформансынын  алкагында толук жылаңач абалда ортого чыккан. Көргөзмөнүн уюштуруучулары түшүндүрүшкөндөй, муну менен ал секс-кызматчыларынын укуктарынын бузулушу темасындагы көйгөйлөргө көңүлдү бурдурганга аракеттенген.  

Социалдык түйүндүн колдонуучуларынын көпчүлүгү жана кээ бир активистер мындай перформанска ачууланышып, маданият министри Азамат Жаманкуловго келишип, Мира Жангарачеваны кызматынан алууну талап кылышкан. Андан кийин белгилүү болгондой, ал музейдин директорлугунан өз каалоосу менен кеткен.

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх