Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эксперт: Эмне үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үй белекке берилет?

Азыр күч органдарынын кызматкерлери бекер үйгө ээ болуп жатса, мугалим менен врачтардын статусунун төмөндөшү улантылууда  

Депутат Евгения Строкова мамлекетибиз ЭКККМК жана ИИМнин кызматкерлерине бекер үйлөрдү тартуулап жатса, мугалимдер менен врачтарга эч кандай көңүл бурулбай жатат деп ачуууланды.

«Учурда Финполициянын, ИИМдин кызматкерлерине жана аскер адамдарына бекер үй-жай берилип жатканы аябай кубандырат, - деди парламентарий. - Алар мындайга татыктуу. Бирок, эмнеге мындай сыйга мугалимдер менен врачтар татыбайт? Эмне үчүн эң аз айлык акы алган, коргоого муктаждыгы бар кызматкерлер мындай социалдык үй-жайга татыктуу эмес? Финполициянын кызматкерлеринин айлык акылары мугалимдердикине караганда кыйла жогору. Ошол эле учурда мугалимдер менен врачтарды ипотекага олтургузуп коюшту. Алар аны көтөрө алышпайт», - деди эл өкүлү.  

Ал арада билим берүү жана илим министринин мурдагы орун басары, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Элмира Иманалиева Vesti.kg сайты менен аңгемелешип жатып,  «Мугалимдин статусу тууралу» мыйзамды эске салды, ал мыйзамда кээ бир мугалимдерге бекер үй сунушталышы керек экендиги көрсөтүлгөн. Анын айтымында, бул маселени мугалимдер менен врачтарга үй-жай берүүнү караган мамлекеттик программаны түзүү аркылуу жардам берсе болот. 

- «Мугалимдин статусу тууралу» мыйзамда мугалимдердин социалдык көйгөйлөрүн чечүү максатында жеңилдиктер каралган, - деди Иманалиева.  - Менимче, финансылык каражаттардын жетишсиздигинен улам бул маселе аткарылбай жатат. Жооптуу мекемелердин жетекчилери да акча каражаттарын бөлүп алуу үчүн, ал нерсе мамлекеттик бюджеттен өзүнчө статья катары каралышы үчүн аракеттерди көрүшү керек». 

Билим берүү маселелери боюнча эксперт, профессор Айнура Арзыматова Евгения Строкованын пикири менен макул.

- Бизде укук коргоо органдарынын кызматкерлерине үй-жай тапшыруу акыркы мезгилдерде салт болуп калды, - деп белгилеп өттү Айнура Атыгаевна. - Ошол эле учурда, атуулдарыбыздын саламаттыгын жана интеллектуалдык өнүгүшүн камсыздаган врачтар менен мугалимдер көмүскөдө калып кетип жатат. Биринчи кезекте, врачтарга көп артыкчылыктар берилиши керек. Эмне, финполициянын кызматкерлерине сөзсүз түрдө үй-жай менен камсыздоого милдеттүүбүзбү?

Анын айткандарына караганда, бийлик мугалимдер менен врачтардын статусу Кыргызстанда төмөн болушуна өздөрү көмөктөшкөн.

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх