Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Нариман Түлеевдин ишин иликтөөнү улантууда

Мурдагы мэрдин өзү мурдараак, ага карата арызды Атамбаевдин тарапташтары жазгандыгын айтып чыккан 

УКМК Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин катыштыгы бар делген кылмыш ишин тергөөнү улантып жатат. Бул тууралу Vesti.kg сайтына Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынан кабарлашты.  

- Жогоруда аталган иш сотко чейинки өндүрүштө болуп жатат, анын жыйынтыгы менен Түлеевдин аркеттерине юридикалык баа берилет, - деп такташты УКМКдан. 

Эске салсак, мурдараак, Нариман Түлеевке карата «Ала-Арча» VIP-шаарчасынан ар бири 650 кв.м. болгон, жеке менчик үйлөрдү курууга жер тилкелерин жеке менчикке чыгарууда кылмыш иши козголгон. 

Түлеев болсо, журналистерге интервью берип жатып, бул иш буюртма менен жасалып жатат деп ишендирет. 

«Буга Алмазбек Атамбаев буюртма берген, бир журналист кыз мага карата арыз менен кайрылган, -деп айтты Түлеев. - Тергөө териштирип жатат, бирок менин бул жерде эч кандай күнөөм жок».

Фото www 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх