Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаровдун туулган күнүндө колонияга таттууларды алып барышат

Эркинен ажыратылган мурдагы депутат 51 жашка чыгат. Кимдер аны куттуктап барышат? 

Жогорку Кеңештин эркинен ажыратылган мурдагы депутаты Садыр Жапаровдун бүгүн туулган күнү. Ал 51 жашка толуп олтурат. 

Мурдагы парламентарийдин жактоочусу Шарабидин Токтосунов Vesti.kg сайтына, Жапаровду колонияда куттуктоо үчүн бүгүн туугандары гана эмес, саясатчынын элдик штабынын мүчөлөрү да барыша тургандыгын айтып берди. 

- Тарапташтары менен туугандары бүгүн кутттукташат, ал эми өзүм болсо, аны эртең куттуктаймын, - деди юрист. - Белек катары козу союп бышырып жана таттууларды алып барабыз.

Эске салсак, өткөн жылы Жапаровдун юбилейине байланыштуу «Садыр жана чындык» аттуу китепти анын жактоочусу жазып чыгарган. 

Садыр Жапаров 2013-жылы Ысык-Көл облусунун губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган деп күнөөлөнгөн. Аны 11,5 жылга катуу тартиптеги колонияга эркинен ажыратышкан. 

Кийинчерээк,  Жогорку Сот Жапаровдун жактоочусунун арызын жары-жартылай канаатандырып, жаңы кодекстердин күчкө киргендигине байланыштуу камактагы мөөнөтүн бир жарым жылга кыскарткан. 

Бүгүнкү күндө мурдагы депутаттын тарапташтары эркинен ажыратылган саясатчыны бошотуу талабы менен элдердин колун топтошууда. 

Зулайка Эркимбаева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх