Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Турсунбек Акун: Эгер Роза Отунбаеванын күйөөсү болгон болсо, ал мындай сөздөрдү сүйлөмөк эмес (видео)

Эгерде, өткөөл мезгилдин мурдагы президенти толук кандуу үй-бүлө күткөн болгондо, анда анын жолдошу айылдан келгендер тууралу айткан сөзү үчүн уяткарат эле деген ишеничте 

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун, тегерек столго катышып жатып, өткөөл мезгилдин мурдагы президенти Роза Отунбаеванын толук кандуу үй-бүлөгө ээ эмес экендигин эске салды.  Буга карата тийиштүү видео Түйүндөрдө тарады. 

Vesti.kg сайты менен аңгемелешүүдө, убагында өлкөбүздүн башкы укук коргоочусу болгон адам, өзүнүн сөзүндө эч кандай жаман нерсени көрбөгөндүгүн белгиледи.  

- Эгерде ал толук кандуу үй-бүлөлүү болгондо, мындай сөздөрдү сүйлөбөйт эле, - деп терең ишенет Акун. - Менин оюмда, күйөөсү мындай сөздөрү үчүн уяткарып, ал өзүнүн сүйлөй турган сөздөрүн көзөмөлгө алмак. Мисалга, ырчы Каныкей Эралиева жана саясатчы Ишенгүл Болжуровалар Роза Отунбаеванын сөздөрүн колдомок эмес. Себеби, алар үй-бүлөлүү. 

Эске салсак, Роза Отунбаева, 4-декабрда Өмүрбек текебаев тууралу китепти тааныштыруу аземинде чыгып сүйлөп, Кыргызстандагы урбанизация көйгөйлөрүн көтөрүп чыккан. 

«Айылдардан өтө көп адамдар шаарыбызга келди. Шаар жарымына чейин айылга айланды. Биз, (айылдан келгендерге кайрылып) силердин деңгээлиңерге карап, артка кете албайбыз», - деген Отунбаева.

Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары болсо, эки тарапка бөлүнүштү. Коомчулуктун кай бирлери анын сөзүн колдошту, башкалары болсо анын айткандарын сынга алышты.

Гулиза Чудубаева

Фото и видео www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх