Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин экс-мэри Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү талап кылынууда

Дагы бир экс-мэр Албек Ибраимовду прокурорлор 20 жылга эркинен ажыратууну суранышты

Ленин райондук сотунда Бишкектин экс-мэрлери Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовго карата каралып жаткан кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүп жатат.

Прокурор Кубанычбек Кулматовду күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратууну, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан эки жылга ажыратууну суранышууда.

Мамлекеттик айыптоо Албек Ибраимовду мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну, ошондой эле мамлекеттик кызматтарды ээлөө укугунан үч жылга ажыратууну суранышууда.

Эске салсак, мурдагы калаа башчылары Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов коррупцияга айыпталышууда. Айыптоонун версиясы боюнча алар Бишкектин жаңы конуштарынын бириндеги мектепти курууда куруучу материалдар менен иштердин көлөмүн негизсиз ашкере жогорулатып көрсөтүшкөн.

Буга чейин Ибраимов тергөө учурунда ага мектептин курулушун аяктоо үчүн кошумча бөлүнгөн 140 млн сом жөнүндө гана суроолорду узатышканын билдирген.

«Мындай чечим ал маалда президентикке талапкер болгон Сооронбай Жээнбековдун рейтингин көтөрүү үчүн кабыл алынган - деген мурдагы мэр. - Мен ал маалда социал-демократтар партиясынын шаардык бөлүмүнүнүн төрагасы болчумун. Бизге Жээнбековдун рейтингин көрсөтүшкөн - 3 пайыз болчу. Ошондо анан Бишкектеги социалдык объектини куруп бүтүрүү чечими кабыл алынган. Анын үстүнө жергиликтүү жашоочулар дагы улам митингге чыгып, мектепти куруп бүтүрүп берүүнү талап кылып жатышкан болчу».
«Шайлоонун жыйынтыктары белгилүү - КСДП партиясынан талапкер жеңди жана добуштардын басымдуу бөлүгүн Бишкектин жашоочулары түзүп беришти. Мектептин курулушу дагы буга өбөлгө болду», - деп сөзүн жыйынтыктаган экс-мэр.

Кулматов дагы күнөөсүн мойнуна алган жок.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх