Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы жана парламент депутаты кийимдер бутигинин ачылышына катышышты (фото)

Тазабек Икрамов эмнеге аны кийимдер дүкөнүнүн ачылышына чакырышканын түшүндүрдү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын башчысы Максат ажы Токтомушев менен Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов борбор калаадагы соода борборлорунун бириндеги кийим дүкөнүнүн ачылышына катышышты.

Иш-чарада тартылган сүрөттөр менен эл өкүлү Instagram социалдык тармагында бөлүшкөн.

Парламент мүчөсү Vesti.kg сайтына дүкөндүн ачылышына кандайча барып калганын түшүндүрдү.

- Бул бренд мусулмандар үчүн кийимдерди, ошондой эле спорттук костюмдарды тигем - деди Икрамов. - Мени спортчуларга колдоо көрсөтүп жүргөн саясатчы катары чакырышты. Дүкөн өзү дагы жаштарга ар кандай турнирлерде колдоо көрсөтүп келээрин да белгилей кетүү керек.

Муфтийдин барышы боюнча депутат өлкөнүн диний лидери мындай иш-чараларга катыша алаары туурасында өз пикири менен бөлүштү.

- Кыргыздарда «Чакырган жерден калба, чакырылбаган жерге барба» деген макал бар - деди ал. - Менимче, Максат ажы мындай иш-чараларга катыша алат, мындан мен жаман эч нерсе көргөн жокмун.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын март айында КРнын МДБнын башчысы Максат ажы Токтомушев Black Star Burger тез татым тармагынын Бишкектеги түйүнүнүн ачылышына катышканы үчүн сынга кабылган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх