Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМнин ардагерлери президенттен Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаевди Кой-Таштагы операция үчүн кызматтан алууну суранышты

Милициянын мурдагы кызматкерлери Алмазбек Атамбаевди коргоп, ага ыраазы экендерин белгилешти

«Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин президенттиги учурунда Кыргыз Республикасында мамлекет менен коомдун жашоо аракеттеринин бардык тармактарында көрүнүктүү жетишкендиктер менен ийгиликтер орун алды. Кыргыз Республикасы Апрель элдик революциясынан кийин туруктуу демократиялык өнүгүүгө багыт алып, 2017-жылга аймактагы күчтүү жана коңшулаш мамлекеттерден көз карандысыз өлкөгө айлана алды.

Биздин мекеме туурасында айта турган болсок, дал Алмазбек Атамбаевдин тушунда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери мамлекеттин элине кызмат кылуу ыйык милдети менен сыймыктана алышчу. Өлкөдө күч органдарында кызмат кылуу ардактуу жана абройлуу болду, канча жылдан бери биринчи жолу криминал органдардын ишине аралашпай, күч түзүмдөрүндө тазалануу жүрдү. Мамлекет укук коргоо органдарынын муктаждыктарына олуттуу көңүл бөлө баштаган: айлык маяналар жогорулап, кызматтык турак-жайлар салынды, материалдык-техникалык камсыздоонун сапаты жогорулады. Алмазбек Атамбаевдин президенттигинде гана биз Ак үйдүн буйругун аткарабыз деп аянттар менен көчөлөрдө өз элибиз менен салгылашкан жокпуз. Биз ага ушул үчүн ыраазыбыз.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз өз пресс-конференцияңызда 7-8-августтагы Кой-Таш айылында өткөн операция тууралуу эч нерсе билбегениңизди айтып, бардык жоопкерчиликти күч органдарынын жетекчиликтерине койдуңуз. Өз оозуңуздан уккан бул маалыматка биз абдан кубандык, анткени, сиздин мындай абийирсиз жана ырайымсыз кылмыштарга бара алаарыңызга ишенүү өтө кыйын эле. Бирок, сиз бул окуялар туурасында ачык жана ийне-жибине чейин айтып бергенден кийин биз советтик тартиптен өткөн укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катары сизге кайрылууну туура көрдүк.

КРнын УКМКсынын жана КРнын ИИМнин кызматкерлеринин тергөөчү Э. Аширходжаевдин буйругу менен аткарган мыйзамсыз аракеттери бул органдардын жетекчилигинин уруксааты жок мүмкүн болбойт эле. Алдын ала пландаштырылган бул акция башынан эле конституцияга жана мыйзамдарга каршы мүнөздө болду. Жарадар болгон жана оор жаракат алган жүздөгөн адамдар эн алгач УКМК менен ИИМнин мыйзамсыз аракеттеринин курмандыктары.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитенин төрагасы менен ички иштер министрине калктык саламаттыгына оор зыян келтирүү, турак-жайдын кол тийбестигин бузуу фактылары жана башка кылмыштар боюнча кылмыш ишин козгоо зарыл.

Ал тургай үйрөнчүк юристтер дагы КРнын КПКнин 479-беренесине ылайык өз милдеттерин аткарууну токтоткон Кыргызстандын президенти (экс-президент статусу болбогон күндө да) кылмыш ишин жасаган деген шек менен кармала албасын билишет.

Жогоруда айтылгандардын негизинде сизге билдирбей Кыргызстанда жасалган укуктук башаламандыкка көңүл бурууңузду жана сотторду тандоо кеңешинин кароосуна КРнын экс-президенти А.Ш. Атамбаевдин иши боюнча чечим кабыл алган, юриспруденциянын жалпы эрежелерине каршы келген чечимди кабыл алуу менен Кыргызстанды бүткүл дүйнөгө шылдың кылган соттордун, КРнын Жогорку Сотунун Конституциялык Палатасынын сотторунун мыйзамсыз чечимдерин коюуңузду суранабыз.

Мындан сырткары, сизден УКМКнын төрагасы Опумбаев менен ички иштер министри Жунушалиевди отставкага кетирип, Кыргыз Республикасынын башкы прокуроруна жогоруда айтылган адамдарга жана кыязы, алар менен сүйлөшүп алып, кылмыштуу буйруктарын аткарып келген Э. Аширходжаевге карата кылмыш иштерин ачууну тапшырууну суранабыз.

Урматтообуз менен, ички иштер органдарынын ардагерлери”, – деп жазылган кайрылууда.

КСДПнын басма сөз кызматы
Фото пресс-служба СДПК

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх