Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын 100дөн ашык юристи Аида Салянованы актоону суранышууда (фото)

 Жактоочулар кылмыш иши саясий себептер менен козголгондугун айтып чыгышты

Кыргызстандын юристтери Жогорку сотко экс-башкы прокурор Аида Салянованын 2010-жылы Алексей Елисеевге мыйзамсыз адвокаттык лицензия бергени боюнча кылмыш ишин кайра карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышты. Негиз катары алар КРнын жаңы Кылмыш кодексинин күчүнө киргенин көрсөтүшкөн.

Сотторго кайрылуусунда жактоочулар Аида Саляновага карата кылмыш иши саясий себептер менен козголгонун белгилешкен.

Vesti.kg сайтына мурдагы башкы прокурордун тарапташтары документке 100дөн ашык юрист кол койгонун маалымдашты.

«Жосундун декриминализациялануусуна байланыштуу кылмыш жоопкерчилигинен дароо бошотуу жөнүндөгү КРнын ЖКнин 59-беренесинин императивдик мүнөзүн эске алуу менен биз, жактоочулар, юридикалык вуздардын окутуучулары, практикалык юристтер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунан Мыйзамга ылайык чечим чыгарып, Салянова Аида Жеңишбековнаны жоопкерчиликтен бошотууну суранабыз.

Муну менен бирге Салянова А.Жга карата козголгон кылмыш ишинин саясий себептүү мүнөзүн жана кылмыштын курамынын жоктугун эсепке алуу менен, ошондой эле бул кылмыш ишин кайра карап чыгуу үчүн мыйзам тарабынан карлган атайын тартип болуусу керектигин түшүнүп, биз бул кайрылууну А. Салянова айыпталып жаткан жосундун декриминализацияланышына байланыштуу Сиздин карап чыгууңузга коюуну туура көрдүк.

Урматтуу Жогорку соттун судьялары, юридикалык коомчулук сиздерди акыйкат жана мыйзамдуу чечим чыгарууңарды суранат. Сиздер чыгарган чечим жазанын гуманизацияланышы керек болгон башка миңдеген мисалдарга үлгү болот», - деп сөзүн жыйынтыкташкан юристтер.

 Эске салсак, буга чейин Аида Салянованы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча күнөөлүү деп табылган. Ал 5 жылга эркинен ажыратылып, кызы 14кө чыккыча жаза өтөө мөөнөтү 12 жылга жылдырылган.

Бүгүн 15:00дө Жогорку сотто аталган иш боюнча кезектеги соттук отурум өтөт.

Учурда мурдагы башкы прокурор кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иште дагы каралууда.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх