Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Райымбек Исмаилович патриот». Машыктыруучу Райымбек Матраимовду колдогон акцияны футболчулар өзү ойлоп табышканын түшүндүрдү (фото)

Спортчулар Матраимов коррупционер экенине ишенишпейт

Интернетте EREM клубунун футболисттери Райымбек Матраимовдун «Райымбек Исмаилович патриот» деп жазылган сүрөтүн кармап түшкөн сүрөттөрү тарады.


EREM клубунун башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов Vesti.kg сайтына бул футболчулардын өздөрүнүн демилгеси болгонун түшүндүрдү.

- Биздин жетекчилер спортко ар дайым колдоо көрсөтүшөт, ошого балдар ушундай жол менен аларга дагы өз колдоолорун көрсөтүүнү чечишкен - деп тактады алардын машыктыруучусу. - Биздин жетекчилер футболду эле эмес, волейбол, дзюдону дагы колдоп келишет. Футболчулар өздөрү ал (Матраимов - ред.) коррупционер экенине ишенишпейт. Спортту ал колдогондой адамдар көбүрөөк болсо гана.

Эске салсак, «Азаттык», OCCRP жана «Клооптун» журналисттери Кыргызстандын Бажы кызматындагы коррупция жөнүндө биргелешкен иликтөө жүргүзүшкөн. Алардын маалыматтарына ылайык, бул иш уйгур мультимиллионери Хабибулла Абдукадырдын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Журналисттер анын, киши колдуу каза болгон ишкер Айеркен Саймаитинин жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ортосунда байланышты аныкташкан.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх