Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина өзүнүн психиатриялык экспертизасы жөнүндө: Бул моралдык кысым

Депутаттар ИИМнин БТБнн Тергөө бөлүмүнүн башчысына арызданганы жатышат

ЖК депутаттары Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованы психологиялык-психиатриялык экспертизага чакыруу менен «өзгөчө кооптуу» кылмышкерлер катары көрсөтүп коюшту. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Карамушкина өзү билдирди.

- Бул экспертиза - саясий жана моралдык кысымдын жүрүп жатканынан кабар берет - деди Карамушкина. - Негизи мындай экспертиза өзгөчө оор кылмыштар боюна кылмыш иши козголгондо өткөрүлөт. Бизди өзгөчө кооптуу кылмышкерлер катары көрсөтүп коюшту.

Эл өкүлүнүн айтымында, алардан 7-8-августта Кой-Ташта өткөн окуялар алардын көз карашында кандай өткөнүн сурашкан. Депутаттар маалыматты жарыялабоо тууралуу документке кол коюшкан. Мындан сырткары, экспертизанын дайындалышы тууралуу токтом октябрь айында чыккан, бирок, парламент мүчөлөрү бул тууралуу 9-декабрда гана угушкан.

- Психологиялык-психиатриялык экспертизанын дайындалышы тууралуу токтом ИИМнин тергөө бөлүмүндө 22-октябрда эле чыкканы бизге жаңылык болду - деп кошумчалады депутат. - Бүгүн 10-декабрь. Жактоочулар дагы, Кодуранова экөөбүз дагы мындай токтом чыкканын билген эмеспиз. Тергөө тарабынан кайрадан процессуалдык нормалар бузулду. Биз ИИМнин БТБ Тергөө башкармалыгынын жетекчисине жана бизди маалымдабаган тергөөчүгө каршы арыз жазабыз. Биз моралдык кысым болуп жатканын сезип жатабыз.

Эске салсак, кечээ 10-декабрда Ирина Карамушкина Фейсбуктагы баракчасына аны менен Асель Кодуранованы психологиялык-психиатриялык экспертизага чакырышканын жазган. Эл өкүлү президент Сооронбай Жээнбеков кесиптеши экөөнү кемсинтүүгө аракет кылып жатканын белгилеген.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх