Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгы ЖКнын пленардык жыйынында талкууланат

Депутат Шайназаров комитеттин жыйынына эмнеге Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов чакырылбаганын түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаттары 7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынтыгын пленардык жыйында карап чыгышат Бул тууралуу укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ЖК комитетинин жыйынында анын төрагасы Наталья Никитенко билдирди.
Депутат Тынчтыкбек Шайназаров мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Кой-Таш айылына барып, жашоочулардын нааразычылыктарын угуп келишкенин айтып берди.

- Мындан сырткары, биз Ирина Карамушкина менен Асель Кодуранованы маектешүүгө чакырганбыз, бирок, алар комитеттин жыйынына катышуудан баш тартышты - деп тактады депутат. - Ошондой эле комитет Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязовду дагы суракка алууну демилгелеген, бирок, тергөө иш-чаралары жүрүп жаткандыктан, бул мүмкүн болгон жок.

Депутаттар мамкомиссиянын жыйынтыктары менен таанышып, аларды Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында талкуулоону чечишти.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх