Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Сапар Исаков менен Айбек Калиев - шаардыктар, ошондуктан аларды колдогон нааразычылык акциялары болгон жок»

Эксперттер нааразычылык акцияларынын негизги мобилдик күчүн түзгөн айыл тургундары шаардыктарды чанда гана колдошорун эске салышты

Сапар Исаков менен Айбек Калиев - шаардыктар, аларды колдогон нааразычылык акцияларынын орун албаганы да, балким ушундан. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Бишкек ЖЭБнин реконструкциялоодо орун алган коррупция жөнүндөгү иш боюнча соттун өкүмүнө комментарий берип жатып саясат таануучу Марс Сариев бөлүштү.

- Саясатчылар кийин эл аларды колдоп, митингдерге чыгыш үчүн лидер болуулары керек - деди ал. - Өзгөчө мындайды түштүк аймактык лидерлер айгинелейт. Саясатчылар электорат менен иштейт. Жер-жерлерде топтор аракеттене баштайт. Бардыгы алдын ала төлөнүп, каржыланат. Элдерди транспорт ж.б. менен камсыздашат. Негизги күч - адатта айылдыктар. Исаков, Калиев жана Кулматов - шаардыктар. Алардын жер-жерлерде электораттары жок. Ал үчүн спорттук клубдарга демөөрчү болуп, турнирлерди өткөрүп, майрам сайын жашоочуларды куттуктап туруу абзел. Бул аларга электораттык колдоону камсыздаган түйүн. Бул мисалда биз мындайга күбө болгон жокпуз, анткени сөз шаардык жигиттер туурасында болуп жатат.

Башка саясатчы Аида Алымбаеванын пикиринде эл, мисалга ошол эле Садыр Жапаровду колдоп митинге чыкканынын себеби ал Сапар Исаковдон айырмаланып аларды митингге чыгууга үндөп келген. Ал эми Сапар Исаков митингге чыгуудан эч кандай майнап чыкпайт деген ойдо.

- Соттук инстанция де-юре көз карандысыз деп эсептелет - деп эске салды Vesti.kg сайтына берген маегинде эксперт. - Фемида элдин мобилизацияланышына карап чечим чыгарбайт. Бирок, башка тараптан алганда, Кыргызстанда айыл тургундарынын мобилизациясы дайыма шаардыктарга караганда алда канча жигердүү болуп келген. Шаарда эл эң акыркы, кульминация учурунда гана чогулат. Сапар Исаков менен Айбек Калиевди билимдүү шаардык калк колдойт. Аларды айылдарда дагы колдошот. Бирок, Исаков тарабынан эч кандай чакырык, үндөө болгон эмес. Ал мындан майнап чыгарына көзү жетпейт. Соттук отурумдарга каалагандар тынч келип кетип жатышты. Исаковду колдогондор көп, бирок, алар наарачылык акциясын өткөрүүнүн жөнү жок деп эсептешет.

Муну менен бирге саясат таануучу Садыр Жапаров өз кезегинде элди мобилизацияга чакырганын эске салды.

- Мисалы, Садыр Жапаровдун ситуациясында күчтөрдүн мобилизациясы анын элге Youtube аркылуу кайрылып турганына байланыштуу болгон - деп сөзүн улантты Алымбаева. - Элдин мобилизациясына өбөлгө болгон. Ал Сапар Исаков менен Айбек Калиев өңдүү камакта эмес болчу. Соттун алдында өткөн демонстрациялар менен жүрүштөрдүн көбөйгөнүнө карабай жарандар өкүм жөнүндө алдын ала билген, кыязы. Алар баары бир чечимге таасир эте албайбыз деп ойлошту го.

УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы, саясат таануучу Максат Мамытканов, өз кезегинде Сапар Исаков, Айбек Калиев жана Кубанычбек Кулматов эч качан саясат менен алектенишпегенин, ошондуктан алардын электораты да жоктугун Vesti.kg сайтына айтып берди.

- Бул адамдар эч качан реалдуу саясат менен алектенишкен эмес - деп баса белгиледи ал. Мына ошондуктан эл аларды саясий ишмерлер катары көрбөйт. Алардын эң башкы шефи азыр камакта. Эгерде адам коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алпурушпаса, анда эч кандай электоратттын болушу мүмкүн эмес. Бул адамдар Атамбаевдин каалоосу менен гана чоң аткаминер болуп калышкан.

Эске салсак, 6-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда борбор калаанын ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча  тогуз айдан ашык жүргөн иш акыры жыйынтыкталган.

КРнын мурдагы премьер-министри Сапар Исаков мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратылып, үч жылга мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Улуттук энергохолдингдин мурдагы башчысы жана энергетика министринин мурдагы орун басары Айбек Калиевди мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга эркинен ажыратып, үч жылга мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратуу чечими кабыл алынган.

Жакын арада Бишкектин Ленин райондук сотунда прокурорлордун жарыш сөздөрү орун алды. Мамлекеттик айыптоо мурдагы калаа башчысы Кубанычбек Кулматовду 15 жылга кесүүнү сунуштаган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх