Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Шайназаров: Сооронбай Жээнбековду президент катары эле эмес жөнөкөй жаран катары дагы урматтоо керек

Парламент мүчөсү мекеме жетекчилери кантип өлкө башчысын сындан коргошу керектигин түшүндүрдү

Кыргызстандыктар президент Сооронбай Жээнбековду сыйлашы керек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ЖК депутаты Тынчтык Шайназаров буга чейин өзүнүн айткандары боюнча комментарий берип жатып билдирди.
Тактай кетсек, Президенттин алдындагы Соттук реформа боюнча кеңештин үчүнчү жыйынында Шайназаров мамлекеттик органдардын жетекчилерин Жээнбековду сындан коргоого чакырды.
Парламент мүчөсү далили жок эч мамлекет башчысынын атын каралай албайт деп эсептейт.

- Кечээки сөзүмдө мен чындыгында эле президент Сооронбай Жээнбековду коргоого чакыргам - деди Тынчтык Шайназаров. – Акыркы маалда ММКлар аркылуу мамлекет башчысынын иш-аракеттерине баа берген адамдар көбөйдү. Коррупция менен байланышка шектешип, башка дагы көптөгөн негатив айтылууда. Сооронбай Жээнбековду президент катары эле эмес Кыргызстандын жараны катары дагы урматтоо керек.

Мындан сырткары, эл өкүлү өлкө башчысын соттук реформанын ишке ашпай калышына айыптоо туура эмес деп эсептейт.

- Биз бир жылдан бери соттук системадагы реформага көз салып жатабыз. Албетте, кемчиликтер дагы бар, бирок, иш таптакыр оңунан чыкпай калды деп айтууга да болбойт - деп белгиледи ал.
Тынчтык Ураимович, эгерде президентти кандайдыр-бир ишке байланыштырып жатышса, мамлекеттик органдар аны коргоого алуулары керектигин кайталады.

- Мисалга, эгерде ИИМ иликтеп жаткан кылмыш ишке президенттин атын кошуп жатышса, анда мекеменин жетекчиси мамлекет башчысынын бул ишке эч кандай тиешеси жок деген билдирүү менен чыгышы керек - деп сөзүн жыйынтыктады Шайназаров.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх