Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бабановду «калчылдата» башташтыбы? Финпол «Кыргызстан» банкына тиешелүү 16 объектинин мүлкүн камакка алат деген маалымат айтылууда

«РАЖ» фракциясынан депутат муну чарбалык иш-аракеттерге кийлигишүү жана ЭККМКнын кесипкөйсүздүгү деп атады

ЭККМК «Кыргызстан» банкына мурда тиешелүү болгон 16 объектинин мүлкүн камакка алмакчы. Мындай маалыматты Vesti.kg сайтына өздүк маалыматтар кабарлашты.

Маалымдалгандай, каржы полициясы 3-декабрда тергөө органдарына «Кыргызстан» банкына буга чейин тиешелүү болгон мүлктү камакка алуу боюнча өтүнүч киргизген.

Vesti.kg Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылып, алар бизге бул маалыматты тактап жатышканын билдиришти.

Муну менен бирге Vesti.kg сайты Өмүрбек Бабановдун санаалашы, «Республика - Ата Журт» парламенттик фракциясынан депутат Мирлан Жеенчороев менен байланышты.

- Мен бул тууралуу уккан жокмун - деди ал. -Бирок, бардык чарбалык иш-аракеттер банктын директорлор кеңешинде, акционерлердин чогулушунда көпчүлүктүн чечими менен кабыл алынарын айта алам. Мындай суроолор корпоративдик укуктун негизинде жарандык сот өндүрүшүнүн алкагында талкууланат. Бардыгы акционерлер тарабынан чечилген процедуралар болгонуна ишенем. Бул ЭККМКнын кесипкөйсүздүгүнөн кабар берген чарбалык иш-аракеттерге кийлигишүү.

Белгилей кетсек, «Кыргызстан» банкынын негизги акционери саясатчы Өмүрбек Бабановдун эжеси - Бакен Бабанова болуп эсептелет.

Эске салсак, президентикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 9-августта узак убакыттан кийин Кыргызстанга кайтып келген. ЖКнын экс-депутаты 19-августта алгач ЭККМКда сурак берген. Бабановду «Кыргызстан» АКБна байланышкан иш боюнча суракка чакырылганы маалымдалган. Ал ошондой эле УКМКда дагы сурак берген.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх