Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ирина Карамушкина ЖКте: Убактыңарды коротуп отурбай баарыбызды чогуу эле камап салгыла!

Депутат Кой-Таштагы окуялар боюнча чечим Атамбаевдин тарапташтарынын пайдасына болоруна ишенбейт

Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын чечими Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын пайдасына болбосу айдан ачык. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты.

- Мени президентти көп сындайсың деп дайыма айтышат, бирок ал депутаттар сыяктуу эле жалданма жумушчу да - деп белгиледи ал. - Анын үстүнө өлкөдө мыйзамсыздык өкүм сүрүп жатса кантип унчукпай кое аласың? Мага ЖЭБдин модернизация иштери боюнча соттолгондордун жакындары кайрылышты. Кылмыш иши 54 томду камтыган, алар документ, сүйлөшүүлөрдүн көчүрмөлөрү жана түшүнүк каттардан турат, бирок, коррупцияны же өлкөдөн чыгарылып кеткен акчаларды ырастаган анык далилдер анда жок. Мындан сырткары, күбөлөрдүн көпчүлүгү айыпталуучулардын пайдасына көрсөтмө беришкен. Буга карабай алар соттолду. Бул соттук реформабы?

Парламент мүчөсү Атамбаевге карата да акыйкат чечим кабыл алынарына ишенбесин кошумчалады.

- Убактыңарды коротпой баарыбызды чогуу эле камап салгыла да! - деп кыжырданды Карамушкина. - Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссияны кантип күч блогу боюнча вице -премьер Жеңиш Разаков жетектесин? Күлкүң келет! Бизди камаса камашсын, бирок биз баары бир Атамбаевди саясий аянттан алып салуу үчүн алдын ала сүйлөшүү болгонун айта беребиз. Биз эки жолу митингге чыктык, эки жолу президентке кайрылуу жазып, бизге чыгып сүйлөшүүнү өтүндүк. Биз өлкө башчысын оппозиция менен мамилесин жакшыртууга чакырдык, бирок, андан ошол бойдон жооп болгон жок.

Эске салсак, бүгүн Жогорку Кеңеш 7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды иликтеген атайын мамлекеттик комиссиянын корутундусун карап чыгат.

Вероника Малышева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх