Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Сот бүгүн Аида Салянованын иши боюнча чечим чыгарышы мүмкүн

Ал ортодо акыйкатчы КРнын ЖСнун төрагасына кат менен кайрылды

Жогорку сотто бүгүн экс-башкы прокурор Аида Салянованын 2010-жылы Алексей Елисеевге мыйзамсыз адвокаттык лицензия бергенине байланыштуу кылмыш иши боюнча кезектеги отурум өтөт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Салянованын жактоочусу Рабига Сыдыкова маалымдады.

- Бүгүн сот өкүмүн чыгарат го, кыязы- деди юрист.

Мындан сырткары ал акыйкатчы Токон Мамытов Жогорку соттун төрагасы Гүлбара Калиевага кайрылганын кошумчалады.

- Буга чейин жүздөн ашык жактоочу Жогорку сот менен акыйкатчынын институтуна Салянованы актоону суранып кайрылышкан эле - деп эске салды Сыдыкова. - Жыйынтыкта, акыйкатчы КРнын ЖСнун төрагасына кат жолдогон.

Өз кайрылуусунда Мамытов Жогорку Соттон юристтердин жүйөлөрүн эске алууну суранган.

Эске салсак, Аида Салянова юстиция министри болуп турган кезде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча күнөөлүү деп табылган.

Ал 5 жылга эркинен ажыратылып, бирок, азыр 2,5 жаштыга кызы 14 жашка чыккыча жаза өтөө мөөнөтү жылган.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх