Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Кой-Таштагы окуяларды иликтеген «дүжүр» комиссия күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин каталарын жашырыш үчүн гана түзүлгөн

«Мамкомиссия жаш жигит Курманбек уулу Миржандын өлүмүн ошол бойдон иликтебей койду»

«7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия» аттуу фикция өлкөнүн учурдагы жетекчилигинин саясий каталары менен кылмыштарын жашыруунун гана куралы.

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы (КСДП) 7-8-августта Кой-Ташта болуп өткөн окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу бийлик тарабынан таңууланган жана чындыкка коошпойт деп эсептейт. Ал тургай, бул мамлекеттик комиссия, тагыраагы «дүжүр» комиссия фиктивдик институт болуп саналат, анткени, бул өңдүү комиссиялардын иш тартибин жөнгө салган кандайдыр-бир жобо жана регламенттер жок.

Башынан баштап эле мамкомиссиянын ишмердүүлүгүндө адилеттүүлүк тууралуу сөз кылуу да мүмкүн эмес эле, анын үстүнө анын башында өкмөттүн мүчөсү, президенттин жарлыгы менен дайындалчу күч блогу боюнча куратор турат. Мамлекеттик комиссиянын курамы басымдуу көпчүлүгү менен кызыкчылыктардын кагылышы бардыгын айдан ачык айгинелейт: мамкомиссиянын айрым мүчөлөрү экс-президент менен жеке начар мамиледе, башкалары, кыязы Атамбаевди Бакиевдин үй-бүлөлүк кландык режимине каршы күрөшү үчүн «унута албай» жатышкан өңдүү, үчүнчүлөр болсо анын президенттик маалы боюнча жеке субъективдик пикирлерин карманышат.

Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Атамбаевге болгон жеке сын-пикирлерин Кой-Таштагы окуяларды көз карандысыз иликтөөдөн ажыратып, өз-өзүнчө карашпасын ачык эле жашырышкан эмес. Мамкомиссиянын мүчөлөрү Конституциянын одоно бузуп, Жогорку Кеңештин өз ыйгарым укуктарын ашырып, Алмазбек Атамбаевдин экс-президенттик статусун мыйзамсыз ажыратканын актоо үчүн болгон аракеттерин көрүштү.

Биздин байкоолор көрсөткөндөй, «дүжүр комиссия» күч органдарынын каталарын жаап, мыйзамсыз чабуулду жана жай жарандарга кол салууну актоо үчүн гана, ошондой эле экс-президент Атамбаевдин жана анын тарапташтарынын үстүндөгү сотторду мыйзамдаштыруу максаты менен түзүлгөн. Комиссия өзүнө тергөөнүн милдеттерин алып алган. Экс-президент Атамбаевдин тарапташтарына суроо берүүдө, комиссиянын мүчөлөрү аларга кысым көрсөтүп, коркунуч туудургулары келгени ачык эле байкалып турду. Белгисиз себептерден улам коомчулуктун өзгөчө маанилүү кызыкчылыгына ээ болгон мамкомиссиянын бир катар жыйындары жабык эшик астында өткөн.

Мамкомиссиянын ишинин жүрүшүндө бир дагы жолу Курманбек уулу Миржан аттуу жаш жигиттин кандайча каза болгонун иликтөө аракети көрүлгөн эмес. Бул тууралуу ММКда байма-бай жазылган эле. ИИМ расмий түрдө өз пресс-релизинде маркум токойго аңчылыкка чыгып, кокустан бутуна ок атып алып, каза тапканын билдирген. Чындыгында болсо, ал Кой-Таштагы чабуул учурунда гранатанын жарылганынан мерт кеткени айтылган болчу.

Мамлекеттик комиссияны ошондой эле, куралчан кол салууну уюштургандарды жоопкерчиликке тартуу талабы жазылган арызга кол койгон 1700 адамга карата Аскер прокуратурасы тарабынан орун алган террор дагы анча деле ойлондурбаган сыяктуу.

Кой-Таштагы экс-президент Атамбаевге каршы атайын кызматтардын кылмыштуу жана антиконституциялык операциясы жана жай тургундарга кол салуу мамлекеттүүлүккө, өлкөнүн күч органдарынын аброюна орду толбос зыян алып келип, канчалаган элди кайгыга салды. Өз элине каршы орун алган зомбулуктун масштабы менен мамлекеттик комиссиянын жарандардын тагдырына кайдыгерлиги акылга сыйбайт.

Бирок, колдору менен кылган иштерин мойну менен тартчу убакыт сөзсүз келет жана Кой-Таш окуяларынын чыныгы күнөөкөрлөрү тийиштүү жазаларын алышат.

КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх