Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Журналисттик этика комиссиясы Искендер Матраимовдун арызын кабыл алуудан баш тартты

Журналисттик этика комиссиясы Искендер Матраимовдун арызын кабыл алуудан баш тартты

ЖК депутаты  журналисттерге каршы эки жолу арыз жазган

Журналисттик этика комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты жана Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын мурдагы төрагасы Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы Искендер Матраимовдун арызы боюнча чечим кабыл алды. 

Парламент мүчөсү арызында төмөнкүлөрдү суранганы айтылган: 

  1. Ыдырыс Исаков жана Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн жакыны ортосундагы аудиожазуунун аныктыгын текшерүүгө жардам берүү;
  2. Көз карандысыз ЖМКнын штаттагы кызматкери формалдуу эмес маектерге кире алабы тактап берүү;
  3. Сөз эркиндигин жана Kyrgyz Azattyk Unalgysy радиосунун позициясын колдоо максатында Медиа Өнүктүрүү борборунун, вице-спикер Аида Касымалиеванын, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Абдывахап Нурбаевдин, Umut2020 кыймылынынын, OSCE Programme Office in Bishkek өкүлү Арлем Дезирдин, орус тилинде Human Rights Watch жана «Журналисты» КБнин пикирлерин кошуу менен жарыяланган 8 макалага баа берүү:

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаты комиссиянын мүчөлөрү Назгүл Керимова, Марс Төлөгөнөв жана Динара Ошурахуновага кайрылуудагы негиздерге бейтарап карашарына күмөн санап, ишенбөөчүлүк билдирген.

Матраимовдун арызын кароонун жүрүшүндө комиссиянын бир мүчөсү Санжар Эралиев, «Азаттык» радиосунун кызматкери болгондуктан кызыкчылыкардын кагылышына жол бербеш үчүн ага катышуудан баш тарткан.

«И. Матраимовдун кайрылуусун карап чыгып, анын өкүлдөрүнүн, аракеттери менен макалалары даттанууга негиз болгон ЖМКдын өкүлдөрүнүн жоопторун угуп, комиссия төмөнкү чечимге келди:

И.Матраимов буга чейин 2019-жылдын 3-октябрында Комиссияга кайрылган. Арыз берүүчүнун кайрылуусунда карала турган предмет жок, анткени, ал Комиссияга кайрылууга негиз берчү так жүйөлөрдү көрсөткөн эмес (публикацияларда камтылган фраза, сүйлөмдөр, сөздөр ж.б) Комиссия жыйынга катышкан И. Матраимов менен анын өкүлүнө ЖМКда жарыяланган материалдардагы так кайсы негиздер анын ар-намысына шек келтиргенин көрсөтүү керектигин билдирген.

И. Матраимовдон экинчи арыз 2019-жылдын 21-октябрында түшкөн.

Комиссия арызды жыйында карап чыгып төмөнкү тыянакка келген:

1. Арыздын текстинен арыз берүүчүнүн ар-намысына кайсы маалыматтар шек келтиргенин так аныктоо мүмкүн эмес, андыктан карала турган предмет жок.

2. Комиссиянын компетенциясына кимдир-бирөөлөрдүн сүйлөшкөн сөзүнүн аудиожазуусунун аныктыгын текшерүү кирбейт, ал тургай конфиденциалдуу мүнөздөгү аракеттерге баа берүүгө акысы жок.

3. Арыз берүүчү өз кайрылуусунда алдын ала эле Комиссиянын ишин бейтарап эмес деп баалаган пикирде болгондуктан анын арызын кароо мүмкүн эмес.

 

Жогоруда айтылгандардын негизинде Журналисттик этика комиссиясы И. Матраимовдун кайрылуусун кароодон баш тартууну чечти», - деп маалымдаган комиссия.

Фото www   



 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх