Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кундуз Жолдубаева: Алмазбек Атамбаев пенсия албайт. Анын эсептеринин баары камакта

Буга чейин Соцфонддун башчысы мурдагы президент 100 миң сом өлчөмүндө пенсия аларын айткан эле

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев пенсия жана башка өкмөттүк чегерүүлөрдү албайт. Мындай маалыматты мурдагы өлкө башчысынын кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Фейсбук социалдык тармагында билдирген.
«Биринчиден Алмазбек Атамбаев пенсия курагына 2019-жылдын 17-сентябрында гана жетти. Демек, ага чейин ал Медербек Ирсалиев айткан 100 миң сомду алышы мүмкүн эмес.
Экинчиден, экс-президенттин, анын туугандары менен жакындарынын бардык эсептери 2019-жылдын июнь айында эле камакка алынган. Пенсия ошондо кайда которулуп жатты?
Алмазбек Атамбаев, анын жакындары дагы бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан эч кандай чегерүүлөрдү алышпайт», - деген ал.

Буга чейин Кыргызстандын Социалдык фондунун башчысы Медер Ирсалиев пресс-конференцияда Алмазбек Атамбаев 100 миң сом өлчөмүндө пенсия алып жатканын айткан эле.
«КРнын экс-президенттинин статусу жөнүндөгү мыйзамда мурдагы өлкө башчысынын пенсиясы анын акыркы маянасынын 75 пайызы өлчөмүндө аныкталары жазылган. Биз Алмазбек Атамбаевди экс-президент статусунан ажыратуу тууралуу соттун чечимин алгандан кийин дароо Соцфонд акча которууну токтотот», - деген Ирсалиев.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх