Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште «Атамбаев оштуктарды кырып же түштүккө жибериш керек» дегени айтылды

Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусунда башкы прокуратура бийликке каршы кылмыштуулукка көмөктөшкөн ЖМКлардын аракеттерине баа берүүсү керектиги жазылган

Жогорку Кеңеште 7-8-августта Кой-Таштагы окуялар боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу талкууланып жатат. Жыйында аталган комиссиянын мүчөсү Тынчтык Шайназаров маалымат берүүдө.

Депутат комиссия ишинин жүрүшүндө күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуп чыгып, материалдары менен таанышып, ошондой эле айыл жашоочулары менен жолукканын маалымдады. Ал парламент мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова чакырууну көз жаздымга алып, комиссиянын жыйынына келүүдөн баш тартышканын өзгөчө белгиледи.

Комиссиянын корутундусуна ылайык, Кой-Таштагы кырдаалга чейин бир катар окуялар болуп өткөн. Тагыраагы документ Бишкек ЖЭБдеги аварияны, ошондой эле аны модернизациялоо боюнча соттук ишти сүрөттөөдөн башталат.

- ЖЭБди реконструкциялоодо өлкө башчы кайсы компаниялар модернизацияны жүргүзүшөрү боюнча жеке өзү чечим кабыл алган - деди Шайназаров. - Аны менен бирге чечимди кабыл алууга бийликтин жогорку бутактарындагы адамдар катышып, кийин аларга карата кылмыш иштери козголду. Ал эми президенттик шайлоодон кийин Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары өлкөдө маанилүү кызматтарды ээлегилери келди бирок, ошол маалда коррупциялык иштер боюнча териштирүү башталды. Алар мамлекетти башкарууга таасир кыла алышпарына көздөрү жеткен соң президент Сооронбай Жээнбековду каралоо боюнча кампанияны башташкан.

Депутат комиссиянын пикиринде мурдагы президенттин тарапташтары соцтармактар, ошондой эле ЖМКлар аркылуу кара ниет иштерин жүргүзүшкөнүн айтты.

- Алар элди митингге азгырып, ал тургай эки акция дагы өткөрүүгө жетишишкен - деп эске салды Шайназаров. - Ал маалда Атамбаев расмий түрдө бийликти сындап, Сооронбай Жээнбеков Бакиевдин режимин орнотууну каалап жатканын айтып жатты. Буга Карамушкина, Орозова, Кодуранова, Артыков жана башкалар катышкан. Алар коррупция менен күрөшүү урааны астында нааразычылык акцияларын өткөрүп, чындыгында мөөнөтсүз шайлоо туурасында резолицияга кол коюлган. Мындан сырткары, Атамбаев парламентти «чимкириктер» деп атаган.

Комиссиянын мүчөлөрү ошондой эле мурдагы президенттин үйүндө «элдик штаб» кандайча түзүлгөнүн дагы кагазга түшүрүшкөн.

- Таш, кум толтурулган мүшөктөрдү алып келишип, тикен зымдар менен үйдү курчап алышкан - деп эске салды ал. - Терезелерди тор менен тосушуп, дубалдарда противогаздар илинип турган. Бөлмөлөрдө күйүүчү аралашмар куюлган бөтөлкөлөр бар болчу. Атамбаев элди бөлүп-жарам деп коркуткан. Ал эми анын санаалашы Мээрбек Мискенбаев Кыргызстан Сооронбай Жээнбековсуз болушу керектигин айтып жатты. Карамушкина артка жол жоктугун, жеңиш алар тарапта болорун билдирген.

Документте Атамбаевдин суунун жээгинде үй салып, музей кылууну самаганы да баяндалган. Кийин болсо ал улут аралык кастык жөнүндө сөз кылды. Оштуктарды кырып, түштүккө кетирүү жөнүндө сөздөр айтылган. Ошондо гана мамлекетте тартип орномок имиш.

Шайназаров Атамбаевге каршы бардык айыптоолор мыйзамдуу негизде тагылганын кошумчалады.

- ЖЭБди модернизациялоо боюнча атайын комиссия түзүлгөн - деп эске салды ал. - Дал ошол комиссия кылмыш орун алганы жөнүндө корутунду чыгарган. Батукаевди бошотуу, жер тилкесин мыйзамсыз сатып алуу жана ЖЭБге көмүр ташуу боюнча дагы так ушундай абал.

Мындан соң депутаттарга Алмазбек Атамбаевди кармоодогу окуялардын хронологиясы окулду.

- «Альфанын» кызматкерлерине мурдагы президенттин тарапташтары кол салды, алар коргонууга аргасыз болду, жабыркагандар болду - деди Шайназаров. - Атамбаевдин штабындагылар каршылык көрсөтүү үчүн элди чогулта башташты. ИИМдин кызматкерлери жетиштүү коргонуу каражаттары менен камсыздалган эмес болчу. Аларды таш менен ургулашты. Жыйынтыкта милиция кызматкерлери жаракат алышкан. Коргонуу каражаттарынын жоктугунан күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери дагы таш ыргытууга мажбур болушуп, мындан улам жай тургундар жабыркашты. УКМК менен ИИМнин жетекчилиги абалды турукташтыруу үчүн өз аракеттерин координация кыла алышпаганынан «Альфа» тобун тартууга туура келген. Бирок, «Альфаны» тартуу мыйзамдуу болгон күндө дагы, алар жай тургундардын катышуусундагы аракеттерде иштөөгө даяр эмес эле.

Жыйынтыкта комиссия башкы прокуратурага төмөнкүлөрдү сунуштады:

Атамбаевдин тарапташтарынын жана күч мекемелеринин жетекчилеринин аракеттерине баа берүү;
Мамлекеттик бийликке каршы кылмышты уюштуруп, аткарууга ар кыл жардам көрсөткөн бардык адамдарга, анын ичинде конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырыктарды жарыялаган ТВ жана мааалымат басылмаларынын аракеттерине баа берүү;
Окуялардын жүрүшүндөгү процессуалдык иш-аракеттерди кылмыш-процессуалдык мыйзамдарга шайкеш келерин карап чыгуу;
7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө козголгон кылмыш иштерин акыйкат иликтенишине көзөмөл кылууну камсыздоо;
Болуп өткөн окуяларга байланыштуу жарандардан түшкөн кайрылууларды өз маалында жана ар тараптуу кароону жана коомчулукту иликтенип жаткан кылмыш иштери боюнча туруктуу маалымдап турууну уюштуруу.

Бул корутундуга комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова кол койгон жок. Ал бөтөнчө пикирге ээ.

Вероника Малышева
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх