Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нурбек Токтакунов: Эгер президент журналистерге болуша турган болсо, анда анын президенттик мөөнөтүнүн аягына чейин иштегенге жакшы мүмкүнүлүгү бар 

Райымбек Матраимовдун ЖМКнын кээ бир өкүлдөрүнө доо арызы боюнча алгачкы соттук угуулар 19-декабрга дайындалды 

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доо арызы боюнча алгачкы соттук угуулар 19-декабрда болуп өтөт. Бул тууралу «24.kg» сайтынын башкы редактору Асел Оторбаева Фейсбуктан кабарлады. 

«Райымбек Матраимовдун доо арызы боюнча алгачкы соттук угуулар 19-декабрда саат 14.00дө Свердлов райондук сотунда каралат. Төрайымдын милдетин сот Жылдыз Ибраимова аткарат»,- деп жазган Оторбаева.

Ошондой эле белгилүү болгондой, Матраимовдун жактоочусу бүгүн пресс-жыйын уюштуруп, соттук доо арыздын себептерин ачыктап берет. 

Ал арада юрист Нурбек Токтакунов Vesti.kg сайты менен болгон аңгемелешүүдө ЖМКлардын мүлкүнө коюлган камак - бул «ойлонулбаган» чечим экендигин айтты. Анын пикиринде сот, дароо эле мүлккө камак салбашы керек эле. 

- Келтирилген доо боюнча камакка алууга байланышкан суроолор, практикада мындай тездик менен чечилбейт, - деди эксперт. - Мен бир мезгилде НТС телеканалын сотко бергенде, мен алардан алардын мүлкүн камакка алуу керек дегенимде, сот андан мурда соттук доо арызды териштирип алуу керек деп айткан. Свердлов райондук соту алгач журналистер тарабынан жарыялангандарга баа бериши керек эле.

Анын пикиринде , учурда сот адилеттиги президент Сооронбай Жээнбеков менен Райымбек Матраимовдун кызыкчылыктарын коргоп жатышат. 

- Сот адилеттиги Жээнбековдор менен Матраимовдордун корпоративдик кызыкчылыктарын тейлешүүдө, - деди Токтакунов. - Учурда президенттин коомчулуктун колдоосуна таянуу менен журналистер тарабында турууга укмуштай мүмкүнчүлүгү болууда.  Ошондо гана, анын 2023-жылга чейин барышы мүмкүн. 

Эске салсак, кечээ билингендей, Свердлов райондук соту «Клооптун», «Азаттыктын» жана «24.kg» сайттарынын мүлктөрүн камакка алган. Белгилүү болгондой, Райымбек Матраимовдун абройу жана абийирин коргоо тууралу «Азаттыкка» койгон доонун суммасы 22 миллион сомду түздү, «Клоопко» - 12,5 миллион сом жана «24.kg» МАне - 15 миллион сом. Андан тышкары, Матраимов 10 миллион сомду журналист Али Токтакуновдон өндүрүп берүүнү өтүнүүдө. 

Андан дагы, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов ЖКтин мурдагы депутаты Ширин Айтматованы да сотко берди. 

Ал журналистерге, августан бери чет өлкөдө бизнес маселелери менен алектенгендигин, ошондой эле Кыргызстандан 700 миллион доллардын ал тарабынан тышка чыгарылып кеткендиги тууралу маалыматтар жалган деп ишендирди. 

Эльдос Казыбеков

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх