Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Экинчи REакция. Бишкекте Матраимовдун журналистерге карата доосуна каршы митинг өтөт 

Каршылык акциясы 18-декабрга белгиленген 

Ала-Тоо аянтында 18-декабрь күнү саат 11.30 экинчи Reакция тынчтык митинги болот. Бул тууралу Vesti.kg сайтына активист Адиль Турдукулов кабарлады.

Анын айтымында, Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун журналистерге карата соттук доосуна каршылык көрсөтүү себеби болду. 

- Аба-ырайына жана алдыдагы Жаңы жылдык камданууларга байланыштуу эч ким жылдын аягына чейин митинг уюштурууну пландаган эмес, - деди Турдукулов. - ЖМКлардын алдыңкы катарында тургандардын эсебин соттун камакка алуу тууралу чечими - бул чоң сокку. Соттор чечимди мыйзамдын тамгалары боюнча чыгарбастан, бийликке жагынуу үчүн чыгарышат. Эгерде Матраимовдун пайдасына сот чечимин чыгарып беришсе, анда журналистердин ишмердүүлүгүнүн токтотулушуна алып келиши мүмкүн. 

Ал ошондой эле митингди иш күнүндө өткөрүүнү чечишкендигинин себептерин, мамлекеттик органдардын эс алуу күндөрү иштебей тургандыгын эске алуу менен пландаштырылгандыгын түшүндүрдү.  

- Мамлекеттик органдар иш күндөрү гана иштешет, ошондуктан биз шаршемби күнү чыгууну чечтик, - деди активист. - Менимче, ар ким жумушуна бир аз эртерээк чыгышы мүмкүн. Акцияга канча адам чогула тургандыгын айта албаймын. 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова Vesti.kg сайтынын ал бул митингге катышабы деген суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. 

Эске салсак, 25 ноябрда Бишкектин ортосунда  коррупцияга каршы митинг болду. Аянттагы апрель революциясынын курмандыктарынын эстелигине миңдеген адамдар келишип, «Райым камалсын!», «Уурулар түрмөгө» деген лозунгдарды, Райымбек Матраимовдун сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан. 

Акцияга «Үмүт 2020» кыймылынын лидери Ширин Айтматова, мурдагы депутат Чолпон Жакупова, КСДПнын мүчөсү Адил Турдукуловдор жана мекенибиздин шоу-бизнесинин жылдыздары катышты. 

Эльдос Казыбеков

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх