Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Өнүгүү - Прогресс» фракциясы Дастан Жумабековду спикерлик кызматтан кетирүү маселелсин карашат  

 

Исхак Масалиев төраганын сөз сүйлөгөнү парламентти уяткарууда деп ойлойт 

Депутат Исхак Масалиев фракциянын кароосуна Дастан Жумабековду парламенттин төрагалыгынан чакырып алуу сунушун киргизди. Бул тууралу Vesti.kg сайтына парламентарий өзү айтып берди. 

- Менин оюмча, Жумабеков кызматына ылайык келбей жатат, жана аны төрагалыктан чакырып алуу керек, - деп түшүндүрдү ал. - Төрага көп эле жолу аткаруу бийлигинин коргоп чыкты, ошол эле учурда Жогорку Кеңеш көзөмөлдөө функциясын аткарышы керек. Ал эми төраганын акыркы чыгып сүйлөгөн сөздөрү биздин уюмду такыр эле уяткарып койду. 

Исхак Абсаматович, бул маселени фракция, мүмкүн, дүйшөмбү күнү талкуулайт, деп кошумчалады.  

Ошол эле учурда, төрага кызматына даяр талапкер бар же жок экендиги тууралу суроону жоопсуз калтырды. 

- Азырынча бул тууралу айтканга эртелик кылат. Бул маселени качан төраганын кызмат орду бошогондо  алкуулайлык, - деп жыйынтыктады Масалиев. 

Вероника Малышева

Фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх