Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди коркок деп айткан эместиги ачыкка чыкты. Депутат Шайназаров өзүнүн кесиптешинин сөздөрүн гана кайталап айткандыгын түшүндүрдү

Мурдагы парламентарий муну четке какканга үлгүргөн жок. Аны убактылуу кармоочу жайга киргизишти 

КСДПдан Жогорку кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаровдун мурдагы эл өкүлү Равшан Жээнбековдун Алмазбек Атамбаевди  коркок деп атагандыгын четке кагышты. Бул тууралу мурдагы президенттин кенешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. 

Ал Шайназаровдун сөздөрү аны таң калтыргандыгын билдирди. 

- Равшан Жэнбековдун ИИМдин БТБна кирген учурда, биз аны менен сүйлөшүп калдык, - деди Жолдубаева. - Ал кечээ чоң трибунада депутат Шайназаров айткан жалган ушак сөздөрдү четке какты. Равшан Жээнбеков таң калгандыгын билдирди жана сурактан чыккандан кийин сөзсүз төгүндөө бере тургандыгын билдирген. Тилекке каршы, ал ошол бойдон чыккан жок. Тагыраак айтканда, чыкканга мүмкунчүлүк беришкен жок. БТБында кечке чейин кармашып, түндө гана Бишкек ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизишкен.

Шайназаров ал арада Vesti.kg сайтына Равшан Жээнбековдун сөздөрүн Кой-Таштагы окуялар боюнча мамкомиссиянын мүчөсү Исмаил Исаков айтып бергендигин түшүндүрдү. 

- Отчет жазып жатканда, мамкомиссиянын жыйынында бул тууралу Исмаил исаков айткан, - деди депутат. 

 Гулиза Чудубаева

фото www



Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх