Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Матраимовдун жактоочусу: ЖМКлар анын үй-бүлөсүн демон катары сыпатташты жана коррупциянын символу кылышты  

Юрист «Райым-миллион» эмнеге журналистерди сотко бергендигин түшүндүрдү

Журналистер Райым Матраимовду ойдон чыгарылган жана түкшүмөл документтердин аркасынан коррупциянын символу кылып чыгарышты. Бул тууралу пресс-жыйында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарынын жактоочусу  Татьяна Карыжинская билдирди. 

Юрист Матраимовдун ЖМКга каршы доо арызы тууралу өтө эле көп ойдон чыгарылган нерселер прессада пайда болгон деп эсептейт.

-Доо арыз шыр эле берилген эмес, - деп баса белгиледи ал. - «Азаттыктын» кайрымдуулук фонду тууралу биринчи чыгарылышы 30-майда обого чыккан. Биз маселени укуктук талаада чечүү үчүн аракеттерди жасадык.  «Азаттыктын» башкы офисине жана тийиштүү органдарга арыз менен кайрылдык. Бирок, күнөлөөнү токтотуу мындай турсун, Матраимовду коррупциянын символу кылып көрсөткөн экинчи чыгарылышты обого чыгарышты.

Андан тышкары  жактоочу Карыжинская, териштирүүнүн экинчи чыгарылышынан кийин Матраимов өзүн токтото албай калды. 

- Бардык сабырдуулуктун чеги бар да, - дейт ал. - Матраимовдун үй-бүлө мүчөлөрүн демондор сыяктуу көрсөтүштү. 24.kg сайты Матраимовду коррупцияга аралашкан деп жазат. Али Токтакунов документтердин түп нускасын көрсөтөм деп сөз берген. А журналистин өзү болсо, тергөөгө келбей жатат. Мен провокациялык суроолорго жооп бергим келбейт. Биз укукту укуктук талаанын чегинде коргойбуз.

Ал ошондой эле, бир адамдын көрсөтмөсү, ал өлгөндөн кийин айткан сөздөрдү тастыктай албаса, аны чындык деп эсептөөгө болбой тургандыгын кошумчалады. 

Гулиза Чудубаева

фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх