Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбековдун камалышы: «Биздин укук коргоо органдарыбыз эмне болуп жатат түшүнүксүз»

Эксперт мурдагы депутатка саясий гана себептүү кылмыш иши козголду деп эсептейт

Өткөн ишемби күнү СИЗО-1ге киргизилген мурдагы депутатка тагылган айыптардын топтомунда жаңы эч нерсе деле жок: «Альфа» жоокерлерин барымтага алуу, массалык башаламындыкка катышуу жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу, айтор, 7-8-августтагы Кой-Ташта болуп өткөн окуяларга катышкандардын бардыгына тагылган стандарттык тизме. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына саясат таануучу Аркадий Гладилов билдирди.

- Бирок, мен айтаар элем: кечириңиздер, эмнеге аларды ушул акыркы окуялар боюнча гана айыптап жатышат? - деди ал. - Акыйкаттыкты орноткубуз келсе, анда 2005-жылдан башташ керек, демек. Анда эмнеге конституцияга ылайык бийлик басып алуу болду беле? Жок. 2010-жылы дагы конституцияга каршы болгон. Аянтта элдин өмүрү кыйылды, буга бирөө жооп бердиби? Бардыгы революциянын баатырлары. Мародерлук үчүнчү? Азыр ошол окуялардын уландысы гана, болгону сценарий башка. Айыпталуучулардын тизмеси өтө узун болууга тийиш.

Саясат таануучунун пикиринде айып тагыла турган болсо, анда 2005 жана 2010-жылдардагы окуяларга катышкан бардык саясий элитага карата тагуу зарыл. Болбосо, бул эч кандай жыйынтыкка алып келбечү окуянын ортосунан кесип алынган бир үзүндү катары көрүнөт.

- Көп болсо өлкөнүн жетекчилиги алмашкыча эркинен ажырашат - деп ишенет Гладилов. - Заман алмашып жатканын биз көрүп жатпайбызбы. Алгач Акаевди, андан кийин Бакиевди колдогондор «ыраазычылык» алып жатышкан эле, мына эми Атамбаев үчүн болгондорду автоматтык түрдө каршылаштардын катарына кошуп коюшту. Жаңыча ырдалып чыккан эски ыр…

Башка саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев укук коргоо органдары айрым жарандарга карата өтө ыкчамдыгын көрсөтүп, башкаларга таптакыр кайдыгер болуп жатышканына айран-таң. Равшан Жээнбековдун камалышы боюнча дагы ал депутаттын мыйзамсыз иш-аракеттерге катышканы жөнүндө негиздүү далилдер башка нерсе, ал эми анын Кой-Ташта болгону жөнүндө жөнөкөй көрсөтмөлөр таптакыр башка нерсе деп эсептейт.

- Акыркы кезде бирөөлөр жөнүндө эртели-кеч ким экенин, эмне кылганын айтып жатышса да бийлик эч кандай көңүл бөлбөй эле, ал эми башкалары боюнча кенедей бир сигнал түштүбү - дароо иш козгошууда - деген байкоосун билдирди эксперт Vesti.kg сайтына. - Биздин укук коргоо органдарыбызга эмне болуп жатат түшүнүксүз.

Бөрүбашев ЖЭБди модернизациялоо боюнча жакында эле болуп өткөн сотту эске салды. Ал Кыргызстанда соттук реформа ошол бойдон башталган жок, балким артка да кетенчиктеген болушу мүмкүн деди. - Сөз жок - деп баш чайкады саясат таануучу. -Кызык эле нерселер болуп жатат бизде, эмне менен бүтөрүн билбейм, бирок, божомолдорум бар.

Саясий маселелер боюнча эксперт Кубат Султанбеков Равшан Жээнбековду мурдагы президенттин темир тор артында калган тарапташтары менен бир катарга коюу туура эмес деген пикирде.

- Башкалардын көпчүлүгүндө сөз саясий эле кылмыш эмес, экономикалык кылмыштар туурасында да болууда да, мисалы Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов - деп белгиледи ал Vesti.kg сайтына. – Ал эми Равшан Жээнбеков өзүн учурдагы бийликке оппозиция катары көрсөтүүдө. Балким аны ушул үчүн жазалап жатышат.

Ал жок дегенде 7-8-августтагы окуяларда укук коргоо органдарынын кызматкерлерине физикалык каршылык көрсөтүп, ашыкча бир активдүүлүктү деле көрсөткөн жок го, деген оюн ортого салды саясат таануучу.

- Менин пикиримде - экс-депутат саясий себептерден улам куугунтукталып жатат - деди Султанбеков. – Экономикалык кылмыштар жөнүндө сөз болгон жок, ал эми саясат тууралуу өз пикирин ар ким эле конституцияга ылайык ачык билдире алат. Эгерде Жээнбековго каршы кандайдыр-бир иш-аракеттер көрүлсө, коомчулук менен эл аралык уюмдар аны коргоп чыкса туура болмок.

Эске салсак, 2019-жылдын 14-декабрында мурдагы депутат Равшан Жээнбеков 2020-жылдын 9-февралына чейин СИЗО-1ге киргизилген. Чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алган.
Ал үч оор жана өтө оор беренелер боюнча айыпталууда: «Альфанын» жоокерлерин барымтага алуу, массалык башаламандыктарды уюштуруу жана бийликти басып алуу аракети.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх