Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын ИИМнин экс башчысы: Биздин аткаминер айымдарга араб өлкөлөрүндө хиджаб кийүү шарт эмес. Узун көйнөк кийип, кыргыз жоолугун салынса болот

Бактыгүл Жээнбаева аша чаптыбы же кабыл алуучу тарапка тийиштүү сый-урмат көрсөттүбү?

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева араб салттарына сый-урмат көрсөттү. Минфиндин башчысы Сауд Аравиясынын канзадаасынын кабыл алуусуна хиджаб кийип барганы жөнүндөгү резонанс жараткан сүрөт боюнча мурдагы тышкы иштер министри, ЖК депутаты Руслан Казакбаев ушундай пикирин Vesti.kg сайтына бөлүштү.

- Сауд Аравиясында эрежелер ушундай, - деди Руслан Айтбаевич. - Жалпы протокол бар жана ар бир өлкөнүн жергиликтүү өзгөчөлүктөрү дагы жок эмес. Эгерде алар алар кандайдыр-бир шарттарды талап кылып жатышса, биз алардан баш тартып же кабыл алуу укугубуз бар. Биз конокто болдук. Бул алардын динине, жергиликтүү салттарга, алардын маданиятына көрсөтүлгөн сый-урмат. Бирок, сөзсүз эле кара хиджаб кийүү шарт эмес. Алар менен макулдашып, узун, кенен көйнөк кийип, кыргыз жоолугун салынып алууга болот.

Диний маселелер боюча эксперт, КРСУнун эл аралык байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Замира Карабаева, өз кезегинде исламда сырткы кийимге катуу талаптар жок экенин Vesti.kg сайтына тактады. Анын пикиринде Бактыгүл Жээнбекова кабыл алуучу тарапты сыйлаарын көрсөттү.

- Муну ар кандай бааласа болот, - деп белгиледи ал. - Менимче, бул кабыл алуучу тарапты өз келбетиң менен чоочутпоо аракети. Динде адамдардын сырткы келбетине катуу талаптар деле жок. Дүйнөлүк диндерде башка элдердин маданий өзгөчөлүктөрүн, тилин, менталитетин эске алынат. Албетте, сырткы келбетке болгон жалпы талаптар бар. Бул бардык эле диндерге тиешелүү. Жакында эле Улуу Британиянын канбийкеси Кейт Миддлтон Пакистанга сапар менен барып, ал жерден алардын салтуу кийимин кийип жүргөн.

Муну менен бирге Замира Шерматовна дал ушундай абалга өзү дагы туш болгонун эске салды.

- Тегеранда ири эл аралык конференция өтүп жаткан - деп сөзүн улантты эксперт. - Ал жерге Англия, Германия ж.б ар кыл өлкөлөрдүн өкүлдөрү келди. Менден башка бардык аялдар хиджабчан болушту. Мен буга абдан таң калгам. Алар Тегеранга Европадан келгенине карабай, кабыл алуучу тараптын салттарын урматтап, арабдардын салттуу кийимдерин кийишкен. Мен буга карата башкача пикирдемин. Мен башка маданияттын адамымын. Узун юбка менен узун бешмант кийип, башыма жоолук салынып баргам. Менин бетим менен колдорум гана ачык болчу, жоолук салынганым деле аларды сыйлаганым.

Vesti.kg Тышкы иштер министрлигине бул боюнча кайрылып, алар буга Финансы министрлиги комментарий бере аларын айтышты.

Vesti.kg ошондой эле Минфинге дагы кайрылган. Мекеме бизге кийинчерээк жооп беришерин убадалашты.

Кечээ социалдык тармактарда КРнын финансы министри Сауд Аравиясынын канзадасынын кабыл алуусунда абайя (хиджаб) кийип отурганы талкууга түшкөн. Көптөгөн кыргызстандыктар Кыргызстан светтик өлкө экенин белгилешип, аткаминер кыргыздын улуттук көйнөгүн кийип, жоолук салынып алса жетиштүү болмогун жазышкан.

Муну менен бирге интернет айдыңында биздин делегация менен кош барган Бактыгүл Жээнбаева узун көйнөк кийип, башына жоолук салынган башка сүрөтү дагы тараган.


Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх