­
КРнын Минфини: Сауд Аравиясынын дресс-коду боюнча аялдар абайя кийиши керек - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КРнын Минфини: Сауд Аравиясынын дресс-коду боюнча аялдар абайя кийиши керек

Мекеме Бактыгүл Жээнбаева кабыл алуучу тараптын маданиятына сый-урмат көрсөткөнүн такташты

Кыргызстандын Финансы министрлиги Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Аравиясынын канзадасынын кабыл алуусуна хиджаб кийип барганы боюнча резоннанс жараткан сүрөткө түшүндүрмө берди.

«Азыркы учурда финансы министри Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Сауд Аравиясында өтүп жаткан иш-чараларга катышууда. Аталган сапардын алкагында ал Ысык-Көл айланма автожолун реконструкциялоо боюнча Кыргызстан жана Сауд фондунун ортосундагы кредиттик макулдашууга кол койгон.

Сауд Аравиясында кабыл алынган дресс-кодго ылайык, аялдар денесин толук жапкан (башын кошо) абайя көйнөк кийишет.

КРнын финансы министри дипломатиялык этикетти карманат жана кабыл алуучу тараптын маданиятын, салт-санаасын жана диний өзгөчөлүктөрүн сый мамиле кылат.

Дипломатиялык этикетти сактоо маданиятка сый-урмат көрсөтүү белгиси болуп саналат», - деп жооп беришти Минфинде.

Эске салсак, кечээ социалдык тармактарда КРнын финансы министри Сауд Аравиясынын канзадасынын кабыл алуусунда абайя (хиджаб) кийип отурганы талкууга түшкөн. Көптөгөн кыргызстандыктар Кыргызстан светтик өлкө экенин белгилешип, аткаминер кыргыздын улуттук көйнөгүн кийип, жоолук салынып алса жетишерлик болмогун жазышкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх