Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаков сотто: Мен каршымын! Эмнеге мени күч менен алып келишти?!

 Судья мурдагы премьерди бир катар тартип бузуулары үчүн залдан чыгарып жиберди

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө боюнча соттук отурум уланууда.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков сотко күч менен алып келингенин «Кабар» МИ кабарлады.

Отурум сот Марат Сыдыковдун төрагалыгында өтүүдө.

Судья киргенден кийин Исаков дароо нааразычылыгын билдирип, сотттук отурумга катышуудан баш тартарын айткан.

«Мен каршымын! Эмнеге мени күч менен алып келишти? Ишти менсиз эле карай бергиле дебедим беле», - деди ал.

Мындан соң судья аны залдан систематикалык тартип бузуулар үчүн чыгарып жиберген. Соттук отурум Сапар Исаковсуз өтөт.

УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго КРнын ЖКнин 303-беренесинин 2-бөлүгү (Коррупция) боюнча кылмыш ишин козгогон.
Бишкектин Свердлов райондук сотунда 6-декабрда борбор калаанын ЖЭБнин реконстрациялоодогу коррупция боюнча 9 айдан ашык созулган иш жыйынтыкталган.

Мурдагы премьер Сапар Исаков мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга кесилип, мамлекеттик органдарда иштөө укугунан 3 жылга ажыраган.

Мындан кийин ал Тарых музейине байланышкан иш боюнча соттук отурумдарга катышуудан баш тарткан. Бирок, судья Марат Сыдыков күч менен алып келүүнү камсыздоону милдеттендирген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх