Тазабек Икрамов кочегарлар бишкектиктерди атайылап ыш менен уулантып жатат деп шекшиди
Парламент мүчөсү Бишкекти каптаган кара түтүн маселесин көтөрдү
ЖК депутаты Тазабек Икрамов парламенттин жыйынында кара түтүн маселесин көтөрдү.
-Келгиле протоколдук тапшырма берип, ЖЭБде эмне жагып жатып жатышканын билелик - деди парламент мүчөсү. - Былтыр эч кандай түтүн жок эле жакшы жашабадык беле. Быйыл болсо атайылап кылып жатышкандай. ЖЭБдин кочегарларын суракка алуу керек. Алар эмне жагып, бизди эмне менен уулантып жатышканын билишет.
Медина Купсулдаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз