Спорт сарайынын директорунун орун басары митингдин алдында алардын залында элдик кошундун өкүлдөрү чогулганын түшүндүрдү (фото)
Самат Токтоналиев «Элдик кошундун» мүчөлөрү ижара акы төлөшпөгөнүн айтты
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ширин Айтматова Твиттердеги баракчасында Кожомкул атындагы спорт сарайында отурган «Кырк-Чоро» кыймылынын өкүлдөрү деп божомолдонгон адамдардын сүрөтүн бөлүшкөн.
Соцтармактын кээ бир колдонуучулары «REакция» нааразычылык акциясынын алдында «Кырк-Чоро» кыймылынын мүчөлөрү белгисиз адамдардан митингде чагымчыл аракеттерди уюштуруу үчүн акча алышкан деп божомолдошкон.
«Мына ушул спорт сарайында Матраимовдун провокаторлорун даярдашкан. Залдын ижарасын ким төлөгөн? Спорт сарайынын башчысы кызматтан кетсин! Марат Аманкуловду отставкага!»,- деп жазган Айтматова.
Тактай кетсек, Ала-Тоо аянтында өткөн «REакция» митинги учурунда колдоруна желек көтөрүп, ак калпак кийген «Кырк-Чоро» кыймылынын мүчөлөрү пайда болгон.
Ал ортодо Vesti.kg Спорт сарайынын директорунун орун басары Самат Токтоналиевге бул боюнча кайрылып, ал алардын залында «Кырк-Чоронун» бир дагы өкүлү болбогонун билдирди. Анын айтымында, залда «Элдик Кошун» элдик дружинасынын өкүлдөрү отурган.
- Бизде «Кырк Чородон» эч ким болгон жок,- деп ишендирди Токтоналиев. - «Элдик Кошундун» мүчөлөрү болчу. Алар бүгүн бизге келип, аянтта башаламандык менен мародерлуктун орун алышын каалашпасын айтышты. Андан кийин алар кетишкен. Эч кандай төлөмдөр туурасында, «Кырк-Чоро» жөнүндө дагы мен уккан жокмун.
Директордун орун басары элдик дружинанын өкүлдөрү Спорт сарайынын администрациясына залдын ижарасы үчүн акы төлөшпөгөнүн кошумчалады.
Эльдос Казыбеков
Фото www