«Ислам академиясы экстремизм көйгөйүн чечеби? Эч качан. Арабдардын максаты таптакыр башка»
Кыргызстандагы диний жана светтик чөйрөдөгү радикализмдин башкы себеби - караңгылыкта дешүүдө
Ислам академиясы Кыргызстанга 90-жылдары эле керек болчу, бирок, анын радикализмге каршы күрөштө пайдасы тиеби-жокпу кийинчерээк билинет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына Стратегиялык изилдөөлөр жана прогноздоо институтунун серепчиси Аман Салиев бөлүштү.
- Өткөн кылымдын 90-жылдары дала ушундай окуу жайларынын жоктугу мусулман салттары үстөмдүк кылган мурдагы СССР өлкөлөрүнүн көп сандагы жаштарынын радикалдык агымдардан жооп издей башташканына алып келген, - деген байкоосун бөлүштү ал. - Аларда ислам жөнүндө, дегеле дүйнөдөгү тынчтык жөнүндө жетиштүү маалыматтары аз болгон.
Бирок, ислам академиясы өңдүү окуу жайы болгон көйгөйдүн бардыгын чечип койбойт, - деп белгиледи эксперт. Башкысы - ал жерде кандай билим берүү программалары жана окутуучулар болот.
- Ал жерде кандай диний укуктук мектептер болот, билим берүү процесси кандай коюлат, радикализмди азайтуу боюнча кандай көрсөткүчтөр болот - мунун бардыгы кийинчерээк билинет, ошондо анан Кыргызстанга Ислам академиясы эмне алып келерин так айтууга болот, - деди ал.
Аман Салиевдин пикиринде академия бардык окуу системасы менен илимий практикалык базасын бир нече жыл мурда ачылган Татарстандагы Ислам академиясынан алса болот. 90-жылдары Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын башынан өткөндөр Татарстанда дагы орун алган.
- Биздикине окшош жалпы көз карашка, окшош тарыхка жана келечекке бирдей пландарга ээ мамлекеттер менен олуттуу кызматташууну мен туура деп эсептейм - деп бөлүштү эксперт. - Климат менен салт-санааларды дагы эстен чыгарбаш керек. Аравиянын чөлдөрүндө отурган адам биздин өлкө жөнүндө корутунду чыгарып же кандайдыр-бир нерселерге үндөй албайт. Бул абсурд, акылга да сыйбайт, динге да каршы келет. Бизде болсо 20 жылдан ашык ушундай көрүнүш болуп келген.
Ал жергиликтүү теологдор гана Кыргызстандагы мусулмандардын агымын тынчтыктын жана туруктуулуктун принциптеринин негизинде аныктай алат деген пикирде. Бирок, азыр өлкөдө саясат, геополитика, маданият, саясат таануу жана психологиядан терең түшүнүгү бар, коомго багыт көрсөтө алган окумуштуулардын плеядасы жок.
- Ислам бизде орто кылымдагыдай да эмес, Кокон хандын заманындагыдай сыяктуу - дейт Салиев. – Ал кез мусулман коомчулугу үчүн начар эле мезгил болгон да.
Артта калуунун башкы себеби анын пикиринде баягы эле караңгылык жана дезинформация, светтик чөйрөдө жада калса ошондой. Алар жергиликтүү демократтар менен либералдардын ичине да радикализмди жаратарын баса белгиледи эксперт.
- Адамдарда жогорку кесипкөй окутуучулардан билим алуу мүмкүнчүлүгүнүн болушу өтө маанилүү, мында сөз жүздөгөн жылдардан бери орун алып келе жаткан исламдын салттуу мектептери жөнүндө, - дейт Салиев. – Мындай мектептер жайылган жерлерде терроризм көйгөйү болгон эмес.
Тарых илимдеринин доктору, профессор профессор Айнура Арзыматова Кыргызстанда Ислам академиясынын ачылышына каршы. Ал Vesti.kg сайтына билдиргендей, эң сабаттуу делген мугалимдер министрликтин көзөмөлү астында иштээрине ишениш кыйын.
Аткаминерлерди дин маселелери боюнча лекцияларга жиберүүнүн да эч кажети жок деп ишенет тарых илимдеринин доктору. Анын пикиринде мыкты дүйнөбий билим алда канча маанилүү.
- Ислам академиясынын пайда болушу менен бизде экстремизм көйгөйү чечилет деп да айтып жатышат, - деп сөзүн улантты Арзыматова. – Эч качан. Мечиттерди салууга акча бөлгөн араб мамлекеттеринин башкы максаты - биздин өлкөнү исламдаштыруу. Биздин өкмөт буга өзү салым кошуп, ортомчу болуп жатканы акылдарына жетип жатабы билбейм.
Ал нечен ирет талкууланып, бирок, ошол бойдон чечилбей жаткан Кыргызстандагы көйгөй жөнүндө эске салды - мектептердин жетишсиздиги. Тагыраагы, мечиттердин саны бизде көбүрөөк экени тууралуу.
- Бизде университеттер, ислам институттары, ал тургай бала бакчалар бар, эми академия дагы керек бекен? - деп суроо салды профессор. - Алар жетишпей жатса, ошол окуу жайларындагы билим берүү сапатын жогорулаткан оң эмеспи, андан көрө? Эмнеге мамлекет аларды көзөмөлдөбөйт? Бул өлкөнүн жетекчилигинин саясатынын кемчилиги.
Эске салсак, 11-12 декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына расмий иш сапары менен барып келген.
Башка эки тараптуу документтер менен чогуу ал Кыргызстандын Ислам Академиясын куруу боюнча кызматташтык келишимине кол койгон.
Бир нече күн мурда билим берүү министри Каныбек Исаков Ислам Академиясы «исламдын башкы баалуулуктарына - боорукерлик, сабырдуулук, кайрымдуулук жана мээримдүүлүккө» окутарын билдирген.
«Ислам академиясынын билим берүү стандарттары мамлекеттик билим берүү стандарттарына толук жооп берет жана теологдорду даярдоо боюнча башка программалар менен толукталат», — деп тактаган ал.
Министрдин айтымында, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери «диний билимдерин өстүрүү, коомдогу түрдүү диний радикалдык көз караштарды ажыратып таануу максатында» Академиянын лекцияларынын угуучулары болушат. Ушундай эле маалымат КР президентинин расмий сайтында дагы жазылган.
Бирок бир күндөн кийин сайттагы "мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери" деген жер "дин кызматкерлери" деп өзгөртүлүп калган.
Мунун бардыгы коомдогу тынчтыкты жана адамдар ортосундагы биримдикти сактап калуу үчүн жасалып жатат, - деп ишендирет мекеменин башчысы. - Академиянын ишмердүүлүгүнө негизги көзөмөлдү Билим берүү министрлиги жүргүзөт».
Сооронбай Жээнбеков ата-бабалардан мурас катары калган салттуу ислам баалуулуктарын өнүктүрүү керектигин буга чейин бир нече жолу айткан. Ал жарандарды ханафий мазхабын колдоого үндөгөн.
2018-жылдын сентябрында Бишкектеги мечиттердин биринин ачылышында президент, Кыргызстанда мечиттер мектептерге караганда көп экени жакшы жышаан экенин айтканы бар:
«Кыргызстанда мектептерге караганда мечиттердин саны көп. Бул жакшы көрсөткүч. Мечиттер канчалык көп болсо, абийирдүү адамдар дагы ошончо көбөйөт. Медресе канчалык көп болсо, абийирдүү жаштарыбыз дагы ошончо көп болот», - деп эсептейт өлкө башчысы.
Ольга Федорчук
Фото www