ЖК депутаты Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу кол сааттары, кийим-кече жана асем жасалгалары жөнүндө материал чыккандан кийин ММКларга чабуул кылгандарды табууну суранды
Дастан Бекешев DDoS-чабуулдар мыйзамсыз экенин эске салды
Factcheck.kg сайтына, ошондой эле башка бир катар ММКларга DDoS-чабуул жасагандар жазаланышы керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев билдирди.
Өз сөзүндө парламент мүчөсү аталган фактыны Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоону суранды.
- 17 -декабрда Factcheck.kg бир үй-бүлө тууралуу иликтөө жүргүздү, - деди депутат. - Публикациядан кийин материалды башка басылмалар дагы өздөрүнө жарыялаган, кийин алардын баары DDoS-чабуулга кабылды. Биздин укук коргоо органдары бул чабуулдар кайдан болгонун текшере алышабы? Иликтөө жүргүзө алчу адистер барбы бизде?
Бекешев КРнын мыйзамдарына ылайык, DDoS-чабуулдар мыйзамсыз экенин кошумчалады.
Эске салсак, Factcheck.kg МБКнын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жубайынын кымбат баалуу асем жасалгалары жана кийим-кечелери тууралуу иликтөө жарыялагандан 2 саттан кийин иштебей калган.
Зулайка Эркимбаева
Фото www