Депутат Турусбеков түнкү маалга акысыз жылуулук берүү киргизүүнү сунуштады
Парламент мүчөлөрү Бишкектеги экологиялык абалга тынчсызданышууда
ЖК депутаты Бактыбек Турусбеков Бишкекте түнкү маалга акысыз жылуулук берүү киргизүүнү сунуштады.Анын пикиринде мындай чара абанын булганышы боюнча түзүлгөн абалды жакшырта алмак.
- Интернетте борбор калаадагы абалынын булганышы боюнча абдан көп видео тарап жатат, - деп баса белгиледи эл өкүлү парламенттин жыйынында. -Эң коркунучтуусу калкта абанын булганыч деңгээлин текшере турган ресурстар дагы пайда болду. Ал эми өкмөт болсо үн катпай отурат. Конкреттүү сунуш бергиле да. Кыш келгенине болгону эки жума эле болду, а абал болсо ушуга келди..
Эске салсак, акыркы маалда борбор калаанын жашоочуларын шаарды каптаган коюу ыш кабатыр кылууда.
Зулайка Эркимбаева
Фото www