Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сергей Слесарев: Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелген биринчи адам кайда кетти белгисиз

Жактоочунун айтымында Алмазбек Атамбаевге кылмыш жасагандыгы боюнча 14 шектенүү билдирмеси берилген. Кээ бир документтер бири-бирин кайталайт

Алмазбек Атамбаевге жалпы жонунан кылмыш жасагандыгы боюнча 14 шектенүү билдирмеси тапшырылган, алардын кээ бирлери бири-бирин жөн эле кайталайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы президенттин жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

- Кечээ ИИМ «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жатканы боюнча дагы бир билдирме жөнүндө кабарлады, - деп эске салды ал. - Бирок, мекеме билдирме Алмазбек Шаршеновичке жактоочунун көзүнчө тапшырылганын айтты, бул чындыкка коошпойт - мага документтин көчүрмөсүн гана жиберип коюшту.

Слесарев буга чейин укук коргоо органдары Ниязбековдун өлүмү боюнча башка шектүү жөнүндө маалымдап келишкенин белгиледи.

- Бирок, ал кийин таптакыр эле айтылбай калды, - деп таң калды юрист. Кайда жоголгону белгисиз. Бирок, кылмышты Атамбаевге илип коюшту. Күнөөнү ал окуялардын өткөнүнө 4 ай болгондон кийин коюп жатышат, биз бирок, экспертизанын жыйынтыктарын дагы эле ала элекпиз. Алардын тыянактары калыс болооруна деле өзгөчө ишенген жокпуз.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Алмазбек Атамбаев УКМнын «Альфа» атайын багыттагы бөлүмдүн командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүүгө шектелип жатканы боюнча ИИМнин маалыматын жарыялаган эле.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх