­
«Садыр Жапаров - патриоттуулуктун үлгүсү». Бишкекте экс-депутатты колдогон митинг өттү (видео) - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Садыр Жапаров - патриоттуулуктун үлгүсү». Бишкекте экс-депутатты колдогон митинг өттү (видео)

Абактагы саясатчынын тарапташтары резолюция кабыл алышты

Бишкекте 19-декабрь күнү Жогорку Кеңештин экс-депутаты Садыр Жапаровду колдогон митинг болуп өттү.

Чогулушта кабыл алынган резолюцияны акциянын модератору - мурдагы парламент мүчөсү Каныбек Осмоналиев окуп берди.

Тынч митингинин катышуучулары мындан ары дагы Жапаровдун бошотулушу үчүн күрөштү улантышарын белгилешти.

Абактагы саясатчынын тарапташтары ырайым кылуу боюнча кайрылуунын каралышы кечиктирилип жатканына тынчсызданууларын билдиришти. Алардын пикиринде Жапаровго гумансыз мамиле болууда.

Митингчилер анын ырайым сурап жазган кайрылуусун колдошорун жана аны патриотттулуктун үлгүсү деп эсептешерин кошумчалашты.

Митинг Горький багында өтүп, ага 200дөн ашык киши чогулган.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх