Райымбек Матраимов: Хабибулла Абдукадыр менен 207-жылдан бери таанышмын
МБКнын башчысынын мурдагы орун басары бажыда иштеп турган мааалда кимдер менен иштешкенин айтып берди
МБКнын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов «Азия Ньюс» гезитине берген маегинде журналисттик иликтөөдө аты аталган кытай ишкери Хабибулла Абдукадыр менен тааныштыгы жөнүндө айтып берген.
Матраимовдун айтымында ал кытай ишкерин 2007-жылдан бери «эл аралык деңгээлдеги инвестор» катары тааныйт.
«Кызматыма байланыштуу аны менен эле эмес чет элде бизнес жүргүзгөн башка ишкерлер менен дагы кызматташууга туура келчү. Анткени бажыда иштегендер базарды изилдеп, кайсы ири кеңселер Кыргызстанга пайда алып келип жатканын билип, алардын бизнес жасашына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү биздин милдетке кирет эле. Бажыда иштегендер жакшы менеджер болуш керек.
Биздин өлкө аркылуу Өзбекстанга 10 пайыздан ашпаган товар өтөт. Мен мындай инвесторлор үчүн жакшы шарттарды түзүп берүү зарыл деп эсептейм. Бирок, бизде баары тескерисинче - бирдемени чукуп таап, иликтеп, алардын тынчын алып, бизнес кылууга бут тосушат. Менин билишимче Абдукадыр Өзбекстанга курулуш тармагында көп миллиондогон инвестицияны жумшоодо. Мамлекет мындан пайда гана көрөт», - деген Матраимов.
Эске салсак, 21-ноябрда, Kloop, OCCRP жана «Азаттыктын» иликтөөсү чыгып, анда Кыргызстандын бажы тармагындагы коррупция жана өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн доллар туурасында сөз болгон. Журналисттик иликтөөдө Райымбек Матраимовдун аты аталган.
Фото www